Убада
Кыргызстандын ИДӨсү 400 дөн 700 миллиард сомго жогорулады
Убаданын мөөнөтү: 17.09.2015
Аткарылуу мөөнөтү: 07.12.2020
байкоодо
СДПК

Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстандын ИДӨсү 200дөн 400 миллиард сомго чейин жогорулагандыгын Жогорку Кеңешке талапкер СДПК партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Кара-Балта шаарынын жашоочулары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында саясий стабилдүүлүк кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө алып келди. "СДПК партиясы парламентке келгенден бери саясий стабилдүүлүктү орнотууну максат кылып бардык парламеттик фракциялардын күч аракеттерин бириктирүү үчүн талыкпай иштеп келе жатат. Беш жыл аралыгында 2010-11жылдарга салыштырмалуу жаздын келиши менен митингчилердин саны 2ге азайды-дейт Ч, Турсунбеков. Анын айтымында саясий стабидүүлүк транспорт жана байланыш, энергетика жана тоо-кен секторлорунун тармактарында өлкөгө инвесторлордун көнүлүн бура алды."СДПК партиясынын максаты беш жыл ичинде инвестициянын өлчөмүн 800 миллиард сомго жогорулатуу."-деп кошумчалады Чыныбай Турсунбеков.



Турсунбеков Чыныбай Акунович

Депутат, КСДП фракциясы

Убадалардын саны: 23
34.78%
47.83%
17.39%