Убада
Биз жеңип чыксак, чиновниктердин аппаратын кыскартабыз
Убаданын мөөнөтү: 27.08.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2037
аткарылды

"Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушту. Депутаттыкка талапкерлер "7 кадам" программасы тууралуу айтып берди. Партия мүчөлөрү шайлоодо жеңишке ээ болсо, чиновниктердин аппаратын кыскартары тууралуу убада беришти.

Жыйынтык

Өкмөт 1500 мамлекеттик кызматкердин ордун кыскартат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө токтомго кол койду. Токтомго ылайык, 1531 мамлекеттик кызматкердин жана 36 тейлөөчү штаттын орду кыскартылат. Оптималдаштыруунун жыйынтыгында айлык акынын эсебинен 223.1 млн сомду үнөмдөө күтүлүүдө.


Убадалардын саны: 44
43.18%
47.73%
9.09%