Убада
Фучик сейил багы менен Жаш Гвардия бульвары толук оңдолуп чыгат
Убаданын мөөнөтү: 21.06.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 20.06.2018
аткарылган жок

Бишкектин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйын учурунда айтымына караганда, сейил бактагы тротуарлар толугу менен жаңыртылып, балдар аянтчасы, чоңдор үчүн эс алуу зонасы жайгаштырылат. Ошондой эле жаңы отургучтар менен клумбалар пайда болот. Сейил бактын аймагындагы спорттук аянтча калыбына келтирилип, эки коомдук ажаткана менен сейил бакты көзөмөлдөөчү администрациянын имараты жайгашат.

"Буга чейин сейил бакта кинотеатр иштеп келген. Бирок ал мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткен. Эми кинотеатрды сот аркылуу муниципалдык менчикке өткөрүүнү пландап жатабыз. Ал жерге бий аянтчасы курулушу мүмкүн", — деди аким.


Жыйынтык

Фучик паркынын жаңылануусу купулга толорлук эмес

Фучик паркын 20-июнга чейин толук жаңыртууга жең түргөн бийликтин планы ишке ашкан жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигинин окурманы билдирген. Райондук администрация учурда реконструкция иштери кызуу жүрүп жатканын билдирип, июль аягына чейин парк ачылат деп кошумчалады.

Ибраимов Албек Сабирбекович

Бишкек шаарынын экс-мэри

Убадалардын саны: 39
51.28%
2.56%
46.15%