Убада
Дыйкан базардагы соода-сатык 21-апрелден тарта токтотулат
Убаданын мөөнөтү: 11.05.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 21.04.2017
аткарылган жок

"Дыйкан" базарын убактылуу жабуу чечими кабыл алынгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборундагы жыйында Бишкектин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев билдирди.

Анын айтымына караганда 2016-жылы Мамэкотехинспекциясы тарабынан аныкталган коопсуздук эрежелеринин бузулушу жоюлмайынча базар убактылуу жабык болот. Ал ошондой эле базарды такыр эле жаап салууга бир нече себептер бар экенин айтып өттү.

"Базардын аймагына товар ташыган фуралардын арбын катташы тыгын жаратып келет. Эң башкысы мунай базасы рынокко жакын жайгашып, өрт коопсуздугу сакталган эмес. Мындан тышкары, шаардык казынага базардан эч кандай каражат түшпөйт", — деди Тынаев.


Жыйынтык

"Дыйкан" соода түйүнү жабылган жок

Ленин районунун акими "Дыйкан" базары убактылуу жабылаарын айткан. Ал ошондой эле базардын таптакыр эле жабылышына бир катар себептер бар экенин келтирген: "Базардын аймагына товар ташыган фуралардын арбын катташы тыгын жаратып келет. Эң башкысы мунай базасы рынокко жакын жайгашып, өрт коопсуздугу сакталган эмес. Мындан тышкары, шаардык казынага базардан эч кандай каражат түшпөйт", — деп тушундургон Тынаев.

Бугун Тынаев Politmer булагына, базар учурда иштеп жатканын маалымдады.

Анын айтымында, акимиат "Дыйкандын" сатуучуларына жана башкармалыгына базардын ишин убактылуу токтотуу жонундо билдирме берген. Учурда сатуучулар озулорунун товарларынын калдыктарын сатып, базардын администрациясы менен чарбачылык маселелерин чечишуудо.

"Базар дун соода туйуну болгондугуна байланыштуу, айрымдардын тонналап, "КАМАЗДАП" продукциялары калган. Азыр биз алар менен узгултуксуз иш алып баруудабыз, качан кана алардын товарлары сатылып буткондо, сатуучулар соода туйунунон кетишет",- деп белгиледи райондук администрациянын башчысы.

Эскерте кетсек, борбор калаанын муниципиалитети Мамлекетттик экотехинспекция кызматынын маалыматына таянып "Дыйкан" соода туйунунун жабылышына бир катар жуйоолорду келтирген.



Ибраимов Албек Сабирбекович

Бишкек шаарынын экс-мэри

Убадалардын саны: 39
51.28%
2.56%
46.15%