Убада
Бишкекте жаңы 10 миң бак-дарак отургузуу
Убаданын мөөнөтү: 15.08.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2037
аткарылды

Бишкектин мэриясы жаңы 10 миң бак-дарак отургуза тургандыгын шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы жарыялады.

Автотоктотуучу жайларды, ирригациялык системаларды жана тротуарларду салуунун жыйынтыгында 100дөй тал-теректер кыйылган. Ушул жылы ошол тал-теректердин ордуна жаңыларын отургузууну убада кылышууда.

2016-жылы шаардагы 120 миңдей тал-теректерди изилдөө жүрүп, алардын 6 миңден ашыгы куурап жана кулоо коркунучунда тургандыгы аныкталган. Анын 2 миң 191и кыйылып, ордуна 5 миң 58 жаш тал-теректер отургузулду.

Жыйынтык

2017-жылы мэрия 10768 көчөт отургузду

2017-жылы Бишкек шаарынын мэриясы 3 миңге чукул бакты кыйган. Анын ордуна пландашытырылган 14800 көчөттүн 10768и отургузулган.

Мындан тышкары шаар тургундары 4 миң бекер көчөт аларын "Бишкекзеленхоз" ишканасы билдирди.

Ибраимов Албек Сабирбекович

Бишкек шаарынын экс-мэри

Убадалардын саны: 39
51.28%
2.56%
46.15%