Убада
11 Орус мектебинде сабактар кыргыз тилинде өтө баштайт
Убаданын мөөнөтү: 22.08.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 04.09.2017
аткарылды

Кийинки окуу жылдан тарта Бишкектеги айрым орус тилдүү мектептеринде сабактар кыргыз тилинде өтүлө баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигининен маалымдашты.

Бишкекте 11 мектеп ушул программага кирип, мугалимдер тил курстарынан өтүп, методикасын үйрөнүп жатышат. Сентябрдан тартып мектептерде бир кыйла сабактар кыргыз тилинде, бир бөлүгү орус тилинде өтүлөт. Андан сырткары ресурска карап мисалы информатика сыяктуу сабактарды англис тилинде окутканга аракет кылып жатабыз. Азыр орус тилдүү мектептерди карасак анын позициясы абдан күчтүү. Бут сабактар орус тилинде. Кыргыз тилин жумасына эки-үч жолу гана окушат. Тилди баарлашуунун негизинде үйрөнүү үчүн даярданып жатышат.

Ал эми кыргыз тилдүү мектептер тескерисинче сабактардын бир бөлүгүн орусча өтөт. Бул программа буга чейин Чүй жана Бишкектин айрым бала бакчаларында, жогорку окуу жайларында жана мектептеринде колдонулган.

Жыйынтык

Кудайбердиева Гульмира Каримовна

Билим берүү жана илим министри

Убадалардын саны: 25
12.00%
40.00%
48.00%