10 апрелден тартып Токтогул ГЭСинде реконструкция башталат. Бул туурасында "Азаттыкка" "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев билддирди.
Анын айтымында торт энерго болуктун тарнсформаторлору менен кабелдерин алмаштыруу каралган.
Токтогул ГЭСин реконструкциялоо иши башталды
Бүгүн Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСин модернизациялоо боюнча ишти баштап берди. Өкмөт башчынын айтымында, Токтогул ГЭСин толук модернизациялоо долбоору үч этаптан турат.
Анын жыйынтыгында ГЭСтин кубаттуулугу 240 МВт көбөйөрү күтүлүүдө. Ал эми пайдалануу мөөнөтү 35-40 жылга уланат. 3-фазада эки турбоагрегатты алмаштыруу каралган. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 60 МВт чейин жогорулайт. Ал үчүн болжол менен 175 млн доллар көлөмүндө каражат талап кылынат.
Токтогул ГЭСин реконструкциялоо Азия өнүктүрүү банкы менен Евразия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашууда.