Убада
“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу 2017-жылдын жайында башталат
Убаданын мөөнөтү: 02.05.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 15.02.2018
аткарылган жок

"Кыргызтелекомдун" материалдык-техникалык базасы менен"Коопсуз шаар" пилоттук долбоорун ишке ашыруу ушул жылдын жайында башталат. Бул тууралуу бүгүн “Кыргызтелекомдун” акционерлеринин жыйынында ишкана башчысы Нурлан Мадеминов билдирди. Долбоор программаны иштеп чыккан бир канча компания менен биргеликте ишке ашырылат. “Кыргызтелеком” байланыш линияларын камсыз кылуучу техникалык оператор катары катышууда. Мадеминов компаниянын материалдык-техникалык базасы менен долбоорду ишке ашыруу оңой жана жеңил болорун белгиледи.

Милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кылып, жол кырсыктарын азайтууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу бир нече жылдан бери айтылып келатат. Бирок бул долбоордун айланасында бир нече соттошуулар жүрүп, ишке ашпай калган. Долбоор ишке ашырылса, Бишкек калаасы баш болгон республиканын ири шаарларындагы жолдорго видео байкагычтар коюлмак.

Жыйынтык

2018-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттары "Коопсуз шаар"долбоору тууралуу Өкмөттүн отчетун угушту.

Эл өкүлдөрү "Коопсуз шаарды" россиялык "Вега" компаниясы ишке ашырарына нааразы болуп, кыргызстандык "Кыргызтелеком" ЖЧКнын катышуусун талап кылды. Боронов "Кыргызтелеком" учурда долбоорго катышуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атканын маалымдады. 

Разаков Жениш Парпиевич

КР вице-премьер министри

Убадалардын саны: 7
85.71%
14.29%
0.00%