Убада
Бурана дарыясына селден сактоочу жай курулат
Убаданын мөөнөтү: 10.05.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 01.09.2018
байкоодо

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-майда, жумушчу сапарында Чүй облусунун Чүй районундагы Арпатектир айылындагы жер титирөөнүн кесепеттери жана Жаңы-Жол айылындагы Бурана дарыясындагы тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдагандай, мөңгүлөрдүн эрүүсү менен Бурана дарыясынын көлөмү көбөйүүдө, суунун деңгээлинин көтөрүлүүсүнө улам 3000гектар айдоо жерин суу каптоо жана ал жерде жайгашкан каналга күч келүүдө.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийиштүү министрликтер менен ведомстволорго Бурана дарыясына бассейндеги суунун суткалык топтолуусун жөнгө салган, 200 миң м3 көлөмүндө селден сактоочу жай куруу боюнча сунушту киргизүүнү жана кароону тапшырды. Ал белгилегендей, дарыяда тазалоо иштеринин мезгил-мезгили менен жүргүзүлүшү жакынкы аймактарда суу ташкындоосунун ыктымалдыгын азайтат.

Аны менен бирге Сооронбай Жээнбеков күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдар тууралуу жергиликтүү калкка эскертүү боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.


Жээнбеков Сооронбай Шарипович

Кыргыз Республикасынын президентти

Убадалардын саны: 109
13.76%
68.81%
17.43%