Убада
Өлкөдө тигүү өнөр жайы Технополисин курууга жер бөлүнөт
Убаданын мөөнөтү: 27.10.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 31.08.2017
аткарылды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 4-майда, "Тигүү жана кездеме өнөр жайы үчүн Технополис" долбоорунун ишке ашуусу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

"Легпром" ассоциациясынын президенти Сапар Асанов билдиргендей, технополис идеясын ишке ашыруу процесси 12 жылдан бери созулууда. Анын айтымында "Технополис" долбоору үч этап менен ишке ашат жана тигүү, кездеме ишканаларынын продукцияларынын көлөмү 30% жогорулайт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөт бул долбоордун ишке ашышын толук колдоорун айтып, ал кошумча иш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталганын баса белгиледи. Ошондой эле долбоор жакын арада ишке ашаарын билдирди.

Кеңешменин жыйынтыгы менен "Тигүү жана кездеме өнөр жайы үчүн Технополис" долбоорун ишке ашыруунун концепциясы жактырылды.

Юстиция министрлигине жуманын соңуна чейин өкмөттүн токтомунун долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берилди. Анда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылдык аймагынан "Тигүү жана кездеме өнөр жайы үчүн Технополис" долбооруна жер бөлүп берүү боюнча тийиштүү процедуралары каралган.


Жыйынтык

Убадалардын саны: 113
13.27%
69.03%
17.70%