Убада
Президенттик шайлоого катышпайм
Убаданын мөөнөтү: 14.09.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 15.08.2017
аткарылды

Президенттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков президенттик шайлоого катышпайт. Ал бул тууралуу Роза Отунбаеванын «Таза коом» долбоору жөнүндөгү билдирүүсүнө комментарий берип жатып билдирди.

«Мен бул долбоорду алдыдагы мамлекет башчысын шайлоо, аны үстүнө мени менен байланыштыруу туура эмес деп эсептейм. Мен өлкөнүн президенти кызматына ат салышпайм», - деди ал.

Мурда Р.Отунбаева Бишкектеги форумда донорлорду «Таза коом» долбоору шайлоо алдындагы платформа болуп калбашы үчүн тактык киргизип коюуга чакырган.

Жыйынтык

Сапар Исаков - Кыргыз Республикасынын жаңы премьер-министри

Бүгүн 25-августта Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы өкмөттү тандады. Сапар Исаков өкмөт башчы болуп дайындалды.

Жыйын расмий түрдө 9.30 дан 20.50 чейин созулуп, 11 сааттан ашуун жүрдү.

Өкмөттүн программасын 97 депутат колдоп, 5 депутат каршы чыкты.

Эскерте кетсек, Сапар Исаков буга чейин Алмазбек Атамбаевдин аппаратын жетектеп келген.


Исаков Сапар Жумакадырович

КРнын мурдагы премьер-министри

Убадалардын саны: 49
63.27%
0.00%
36.73%