Убада
Чатырларда окуп жаткан окуучуларга кийинки жылы мектеп куруу пландалууда
Убаданын мөөнөтү: 08.01.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 07.02.2018
байкоодо

Кыргызстандын түштүк тарабында өзгөчө кырдаалга туш келип, жарактан чыккан 3 мектептин ордуна жаңы мектеп курулары туурасында өкмөт үйүндө болуп өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министрлиги Гульмира Кудайбердиева кабарлады.

Анын айтымында, 2017-жылы начар абалдагы мектептердин тизмеси 193кө жеткен. Келечекте 108 жаңы мектеп курулуусу абзел. Ал эми, баштан-аяк ремонттон өткөрүү зарыл деп 73 мектеп көрсөтүлсө, учурда өтө коркунучтуу абалда 12 мектеп турганын айтып өттү. Өзгөчө кырдаалга туш келип, окуу жылын палаткада билим алуу менен өткөргөн Өзгөн районуна 1 Чоң Алай өрөнүнө 2 мектеп келээрки жылы курулат деп белгилеп кетти.



Булак:Политмер

Кудайбердиева Гульмира Каримовна

Билим берүү жана илим министри

Убадалардын саны: 25
12.00%
40.00%
48.00%