Убада
Энергетика тармагындагы ортомчу компанияларга бөгөт коюу керек
Убаданын мөөнөтү: 31.07.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2037
аткарылган жок
Республика – Ата Журт

«Республика-Ата Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өлкөбүздүн жашоочулары менен түз линия аркылуу сүйлөшүү учурунда «Биз Энергетика тармагындагы баардык ортомчу компанияларды жок кылабыз», — деген сөзүн айтты.

"Энергетика ресурстары-бул, бизге кудайдан берилген белек, мүмкүнчүлүк. Бизде баары бар жада калса ГЭС курганга да мүмкүнчүлүгүбүз кенен. Бирок, тилекке каршы, өтүкчүнүн өтүгү жок дегендей эле болуп турабыз. Бизде электр энергиясы жетишсиз. Биз дайыма ушул көйгөйдү чечүүнү сунуштайбыз. Эң биринчи кезекте энергетика тармагындагыларга көзөмөл жүргүзүү менен ортомчу компанияларды жок кылышыбыз керек. Мен, премьер-министр болуп турган кезде УКМКга кайрылуу жасагам жана ортомчу компанияларга кылмыш иши козголгон. Тилекке каршы мен кеткенден кийин бул, иш токтоп калган"-дейт Бабанов


Жыйынтык

Убадалардын саны: 81
23.46%
46.91%
29.63%