Убада
"Кол тийбестик" түшүнүгүн жок кылабыз
Убаданын мөөнөтү: 09.09.2015
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2037
аткарылган жок
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ Өнүгүү-Прогресс 6-чакырылыш

2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында Өнүгүү-Прогресс партиясынан шайлоого аттанган Исхак Масалиев шайлоочулар менен болгон жолугушууда "кол тийбестиктин" айынан көптөгөн чиновниктер кылмышка тартылбай жаткандыгын айтып кейиди. Анын айтымында укук коргоо жана сот системасын реформалоо керек. "Кол тийбестик" түшүнүгүн жоготуп, Кылмыш жаза Кодексиндеги беренелерди күчөтүү керектигин билдирди.

Кыргызстанда мыйзам баарына бирдей болушу керек, - деди ал.





Жыйынтык

ЖК төрагасы депутаттардын кол тийбестигин калтырууну өтүндү

Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков сунушталып жаткан стратегиядан депутаттардын кол тийбестиктен ажыратуу пунктун алып салууну өтүндү.

Анын айтымында, иммунитеттен ажыратылган эл өкүлдөрү коррупция сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди ачык айта албай калат.

"Биз парламентти күчтөндүрүшүбүз керек. Кол тийбестиги алынган депутаттар чиновниктердин мыйзамсыз иши тууралуу ачык айта албай калат. Эгер зарылдык жаралса жоопкерчиликке тартылсын, бирок кол тийбестик макамы күчүндө калсын", — деди Жумабеков.

Президент Жээнбеков жаңы стратегияда андай пунктун жок экенин белгиледи. Спикер буга чейинки документте депутаттардын кол тийбестигин алуу сунушталганын айтып, ошол себептен тынчсызданып жатканын кошумчалады.




Масалиев Исхак Абсаматович

депутат, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы, 0312 63-90-75

Убадалардын саны: 1
100.00%
0.00%
0.00%