Убада
Талас облусунда облустук жана райондук ооруканаларды ремонттоо
Убаданын мөөнөтү: 24.07.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 15.01.2018
байкоодо

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзүнүн иш сапарынын алкагында Талас облустук ооруканада, Талас райондук оорукананын инфекциялык бөлүмүндө болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Ооруканалардын абалы менен таанышуу учурунда саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев имараттар канааттандырылбаган абалда экендигин жеткизди. Мунун айынан бул ооруканаларды жыл сайын 10-15 күнгө жаап косметикалык ремонттон өткөрүү үчүн жаап турушат, бул өз кезегинде дарылоо процессин үзгүлтүккө учуратат.

Премьер-министр райондук оорукананын инфекциялык бөлүмүнүн жаңы имаратынын варианты үчүн долбоордук документацияны даярдоону тапшырды. Курулуш үчүн керектүү каражаттар бөлүнөөрү белгилүү болду.

Жээнбеков Сооронбай Шарипович

Кыргыз Республикасынын президентти

Убадалардын саны: 109
13.76%
68.81%
17.43%