Убада
Жаңы Таш-Көмүр-Кербен-Ала-Бука жолунун долбоорун иштеп чыгуу
Убаданын мөөнөтү: 25.07.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 25.07.2018
байкоодо

Ала-Бука – Аксы – Таш-Көмүр айланма жолунун реконструкция долбоорун иштеп чыгуу керектигин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барганда билдирип, бул боюнча тапшырма берди.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдиргендей, бул жолдор талкаланган. Анткени, бул жолдор менен алтын кен ишканаларынын оор жүк ташуучу машиналары көп каттайт. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бул айланма жолду министрликтин балансына өткөрүү маселесин кароону тапшырды.

«Бул жол жергиликтүү жашоочулар үчүн маанилүү трасса, ошондуктан анын реконструкциясынын долбоорун иштеп чыгуу керек. Бул үчүн 15-20 млн сом бөлүнүп берилет", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбеков Сооронбай Шарипович

Кыргыз Республикасынын президентти

Убадалардын саны: 110
13.64%
68.18%
18.18%