Убада
2018-жылдан баштап, үрөн жана асыл тукум чарбаларына 155 миң сомдон дотация бөлүп берүү
Убаданын мөөнөтү: 24.04.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 09.01.2018
аткарылган жок

2018-жылдан баштап, КР өкмөтү үрөн жана асыл тукум чарбаларына 155 миң сомдон дотация бөлүп берээрин 1-вице-премьер-министр Мухамедкалык Абулгазиев билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы асыл тукум 80 миң ири мүйүздүү жана 20 миң майда мүйүздүү мал алынган.

"ЕврАзЭсте атаандаштык жөндөмдүүлүккө жетүү үчүн КР өкмөтү дыйкандарга жакшы үрөн жана асыл тукум малды өздөштүрүүгө жардам көрсөтүшү керек. Республика боюнча ири мүйүздүү малдын саны 1,5 млн баш, дагы 467 миң жылкы, 6 млндон ашык кой", - деди ал.



Жыйынтык

Үрөн жана асыл тукум чарбаларына каражат бөлүнүп берилген эмес

Айыл-чарба, тамак аш жана мелиорация министрлигинин маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчи адиси Темиржан Мааткеримов үрөн жана асыл тукум чарбаларына быйыл каражат бөлүнбөгөнүн Politmer ресурсуна билдирди. Министрликтин расмий сайтында да аталган багытты өнүктүрүү үчүн 155 миң сом каражат бөлүнүп берилгендигин тастыктаган маалымат табылган эмес.

Убадалардын саны: 36
19.44%
55.56%
25.00%