Убада
Эгерде Liglass Trading «РусГидрого» 37 миллион доллар төлөп бербесе, анда ортодогу макулдашуу жокко чыгарылат
Убаданын мөөнөтү: 19.09.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 30.09.2017
аткарылды

Бул туурасында премьер-министрликке талапкер Сапар Исаков парламенттик жыйында ЖК депутаты Жанар Акаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Сапар Исаковдун айтымында, чех компаниясы "РусГидрого" 37 күндө 37 миллион долларды банк аркылуу которуп бербесе анда өкмөт экөөнүн ортосундагы макулдашуу жокко чыгарылат.

Жыйынтык

Өкмөт Liglass Trading «РусГидро» менен келишимди жокко чыгарды

Бүгүн 18-сентябрда өкмөт башчысы Сапар Исаков жумушчу жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө Liglass Trading «РусГидро» боюнча маселе көтөрүлдү. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев чех компаниясы расмий түрдө 37 млн доллар каражатты төлөө мөөнөтүн жылдырууну суранган.

Өкмөт башчы мөөнөттү жылдыруунун укуктук мүмкүнчүлүктөрү жок деп, келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу боюнча тапшырма берген.

Исаков Сапар Жумакадырович

КРнын мурдагы премьер-министри

Убадалардын саны: 49
63.27%
0.00%
36.73%