Убада
Ботаникалык бакта өрттүн чыгуусуна жол бергендерге карата жаза көрүлөт.
Убаданын мөөнөтү: 14.09.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 11.09.2017
аткарылды

Премьер-министр Сапар Исаковдун айтымында, акыркы айда Ботаникалык бакта 8 өрт чыккан.

"Ботаникалык Бак Кыргызстандын гана эмес, бүткүл Борбор Азиянын жаратылыш байлыгы. Мен үч күн ичинде мага бактын жетекчилиги, Илимдер Академиясынын жетекчилиги жана башка тийешеси барларга карата толук иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгын мага билдирүүнү тапшырдым. Жыйынтыгында айыптуулардын баардыгы жазага тартылат,"- деди ал.

Жыйынтык

Ботаникалык бакчанын жетекчиси кызматтан бошотулду

Тергөө иштеринин жыйынтыгында өз милдетин талапка ылайык аткарбагандыгы үчүн Медет Ахматов ал кызматтан алынды.

Эскерте кетсек, ботаникалык бакчада бир эле айда 8 жолу тилсиз жоо бир нече гектар жерге жайылган.

Исаков Сапар Жумакадырович

КРнын мурдагы премьер-министри

Убадалардын саны: 49
63.27%
0.00%
36.73%