Убада
2018-жылы айлыкты 100%га көтөрүүнү убада кылды
Убаданын мөөнөтү: 18.09.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 01.01.2019
аткарылган жок

Бул туурасында Президенттикке талапкер Темир Сариевдин шайлоо программасында жазылган. Буга ылайык, бул маселе анын президенттигинин алгачкы бир жылында ишке ашырылат.

Жыйынтык

Темир Сариев айлыктын орточо көлөмүн бир жылдын ичинде 100% га көтөрүүнү убада кылат.

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2017-жылдын январь айынан тартып сентябрь айына чейин 1 жумушчунун айылыгы орто эсеп менен 14 миң 814 сомду түзгөн. Былтыркы жылдын жогоруда аталган айларында  бул көрсөткүч  6.4% га ылдый болгон.  Башкача айтканда, былтыркыга салыштырганда быйыл айлыктын орточо көлөмү 6.4% га өскөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, керектөө бааларынын индексин эске алганда реалдуу айлык маянасынын өсүү тенденциясы төмөндөгүдөй болгон:


Акыркы 5 жыл ичинде айлыктын өсүү темпи


Ошентип, акыркы беш жылда өлкөдө айлыктын өсүшүнүн эң жогорку көрсөткүчү 12.1% ды түзгөн. Тилекке каршы, президенттик жарышка аттанган кандидат өз программасында бир эле жыл ичинде кыргызстандыктардын айылыгын 100% га кандай жол менен көтөрөрүн көргөзгөн эмес.

Жыйынтык: аталган максатка жетүү ыкмалары көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу жана акыркы беш жылдын статистикасына таянып, саясатчынын айлыктын 100 % га көтөрүү убадасы жөн гана популисттик деген аныктамага татыды.

Сариев Темир Аргембаевич

КР экс-премьер министри

Убадалардын саны: 65
49.23%
23.08%
27.69%