Убада
Кыргызстандын мыкты спортчуларына айлык стипендиясын 75 миң сомго чейин көтөрүүнү пландоодо
Убаданын мөөнөтү: 16.01.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 27.12.2017
аткарылды

Бул туурасында 30 октябрда жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысы Канат Аманкулов Жогорку Кеңештин билим берүү, социалдык маселелер, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Тазабек Икрамов юниорлордун арасында дүйнөлүк чемпион болгон Калы Сулаймановго стипендиясын көтөрүү сунушун алып чыккан.

Аманкулов өз кезегинде, спортчулардын стипендиясын гана көтөрбөстөн батирлерди дагы берүү маселесин көтөрүшкөнүн бирок, каражаттын жоктугунан бул маселелер токтоп турганын билдирди.


Жыйынтык

Мыкты спортчулардын стипендиясы 75 миң сомго чейин көтөрүлдү. Тиешелүү токтомго 23-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 


Аманкулов Канат Маратович

КР өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси

Убадалардын саны: 8
0.00%
75.00%
25.00%