Аналитика и новости

​Убада жерде калбасын: Республика-Атажурт фракциясы

30.05.2017 10:51

​Убада жерде калбасын: Республика-Атажурт фракциясы

Республика-Ата Журт партиясынын шайлоо алдында жана шайлоо программасында берген убадаларынын жалпы саны 37:

Политмер сайтында РАЖ депутаттарынын айыл чарба жаатында дыйканчылык менен алектенгендерге берген убадалары басымдуулук кылат:

Politmer Республика-Ата Журт партиясынын шайлоо алдында берген убадаларына көз чаптырып, Жогорку Кеңеште 28 мандатка ээ болгондон кийин алардын бүгүнкү күндө канчасы аткарылып же аткарылбаганына сары эсеп салып, сөзгө фракция мүчөсү Жамангулов Акылбек Жекшеновичти тартты:

- Депутат мырза, шайлоо алдында элге берген убадаларыңарды аткарып жатасыңарбы?

Биз берген убадаларыбызды план негизинде аткарып келе жатабыз. Эми кара пиар баардык жерлерде эле бар, биздикиндей убадаларын аткарып, реалдуу бийликте турбаса да ошолордун баарын ишке ашырган саналуу эле партия бар. Жалпысынан алганда азыр президенттик шайлоодо мен ойлойм, көбүнчөсү экономика менен байланыштуу багыттагы иштерге басым кылынат. Буга чейин 2013 - 2015 жылдардагы программаларыбыз жалпысынан алганда экономика менен реалдуу аныкталган, тастыкталган цифралар менен бекитилген программалар болчу, куру жазылган эмес. Билим берүү, агро насыя боюнча конкреттүү программалар менен чыкканбыз.

Ипотека боюнча алсак, мурун көпчүлүк ойлошту эле, бул демилгеси ишке ашпайт деп, бирок реалдуу алганда эми азыр 25 жылдан бери берилбеген ипотекалык насыя бериле баштады. Ага реалдуу түрдө каржы булактары изделе баштады, эл аралык донорлор менен келишимдер түзүлүп жатат. Албетте азыр 10 пайыздык чен элибизге кыйынчылык жаратып жатат, бирок эми бул алгачкы иш болуп жаткандан кийин келечекте мындан ары пайыздык ченди түшүрүү багытында иштеп жатабыз. Бул боюнча мыйзам долбоору депутаттардын кароосунда. Ал эми экинчи мыйзам долбоорубуз бул - 7 пайыз менен агро насыя берүү. Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турганда 7 пайыз менен бул насыя берилчү, бирок анда 8 пайыз болсо керек эле. Ошол берилген насыялардын кайра элден кайтарымы 98 пайызды түзгөн. Азыр биз айыл чарба багытына жыл сайын 3-4 млрд сом субсидияга коммерциялык банктар аркылуу беребиз. Азыр эми бул багытта жаны мыйзамыбызды депуттар учунчу окууда колдоп атат.

- Жеткиликтүү турак жай боюнча мыйзам долбооруна кененирээк токтолсоңуз?

Жеткиликтүү турак жай боюнча мыйзам долбоорун иштеп жатканда түздөн-түз ошол мамлекеттик ипотекалык компаниялардын жетекчилери, эл аралык адистер менен бир топ жолугушуулар болду. Бизде мамлекеттик турак жай боюнча эч кандай мыйзамыбыз жок болчу. Ошол эл аралык адистердин тажрыйбасын эске алып, азыр мамлекеттик ипотекалык компанияларда иштеп жаткан жетекчилер да мыкты адистер десем жанылышпайм. Алар чет тилди, финансыны билген өз ишин мыкты аткарган адамдар экенин иштешкенде билдим. Учурда алар менен биргеликте долбоорлорду иштеп чыгып жатабыз, мисалы жеткиликтүү турак жай боюнча ижарага кийинки менчикке сатып алуу, турак жайларды өздөрү салуу боюнча жолдор каралууда. “Ижарага алып кийин сатып алуу” боюнча орточо эсеп менен 7-8 пайыздын тегерегинде бере алабыз деген мүмкүнчүлүктү карап жатабыз. Мындан тышкары, 100-200 батирди жыл сайын социалдык блокко минималдуу пайыз менен колунда жок, майып адамдарга берүү боюнча сунуштамаларды берип атабыз. Мамлекеттик ипотекалык компания курулуш компаниялары менен биргеликте өздөрү турак жайларды куруу боюнча долбоорду да иштеп чыгуудабыз. Бул дагы мен ойлойм, күзгө чейин иш жүзүнө аша баштайт.

- Акылбек мырза, бардык партиялар Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланаар алдында депутаттык артыкчылыктардын бизге кереги жок, биз андан баш тартабыз деп убада беришет, бирок аткарышпайт. Сиздин партия дагы ушинтип сөз беришкен. Бул боюнча эмне дейсиз?

Биздин деле арабызда региондордон келген депутаттарыбыз бар, шаарда батирлери жок, бирок алар деле башында өздөрү кызматтык батирлерде турабыз дешкен. Бирок биз элге баш тартабыз деп убада бергенден кийин партиябыздын туруктуу позициясына туруп, конкреттүү чечимдерге барабыз дегенбиз. Биз бул боюнча мыйзам долбоорун даярдап депутаттарга добуш берүүгө койгондо башка фракциялардын депутаттарынан бир топ сын пикирлерди уктук. “Силерге кереги жок болсо, бизге керек”-деп айтышты. Артыкчылыктардан баш тартуу боюнча мыйзам долбоорубуз учурда экинчи окууда турат. Бирок өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча башка фракциялардын депутаттарынан сунуштар келип жатат. Эми үчүнчү окууда кандай жыйынтык болоорун билбейбиз. Төмөндө депутаттарга добуш берүүгө коюлуп, 52 макул, 60 каршы добуш берген депутаттардын тизмеси:

- Акылбек мырза, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Сизден партия лидери Өмүрбек Бабанов тууралуу кеп уксак, ага жетекчи катары баа берип кетсеңиз? Мындай адам өлкөнү алдыга жетелеп кете алабы?

Менин жеке оюм, ал киши жөн эле убада бербеген, айткан сөзүн иш менен көрсөткөн адам. Ал экономика заманбап технологиялардын негизинде иштей тура алганына көзү жетет. Башкача бир чараларды, чечимдерди кабыл алуунун негизинде экономиканын өсүшүнө чоң салымын кошо алат. Өмүрбек Токтогулович кол алдындагы кызматкерлерине ишти аткарууда өтө чоң талап коет. РАЖ партиясы алдыдагы президенттик шайлоо программасында экономикага басым жасайбыз.

Дата добавления: 30.05.2017

Для того чтобы оставлять комментарии необходимо авторизоваться или зарегистрироваться.

Подписки на новости