Аналитика и новости

Пенсия – бул мамлекеттин абийиринин лакмус кагазы.

09.08.2017 06:40

Пенсия – бул мамлекеттин абийиринин лакмус кагазы.

”Менин пенсиям кандай болот?” деген суроо пенсия алдында гана ойго келет экен. Сиздин жашыңыз 30 да болсо, Сиз пенсия тууралуу ойлонуп баштадыңыз беле?…

Сурамжылоолордун негизинде көпчүлүк жаш кезинде карылыгы-пенсиясы тууралуу ойлонбогондугун белгилеп кетишкен. Жыйынтыгында, Кыргызстанда элдин көпчүлүгү 20 дан ашык убакыт өтсө дагы советтик “Мамлекет мени багат” деген түшүнүктөн арыла электигин байкасак болот:

Кадырбек Нурманбетов, Топтоочу пенсия фондунун жетекчиси:

“Батышта адамдар жаш кезинен баштап эле пенсия тууралуу ойлонмок түгүл, бакубат карылыгын камсыз кылууга аракет жасап башташат. Биздин жарандарда тилекке каршы аң-сезими башкача. “Мамлекет бизди багыш керек”,- деген түшүнүктөн арыла элекпиз. Карылык сөзсүз келет, андан эч ким качып кете албайт.
Мамлекеттин пенсия системасына колдоо, жардам катары жеке пенсия фонддорун ачууну сунуштйм. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай фонддор адамдардын бакубат карылыгын гана камсыз кылбастан, бүткүл мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүндө жигердүү кыймылдаткыч болуп эсептелет. Пенсия бул жакырчылыкты жоюунун бир жолу десек да болот. Ардагерлер бул керектөөчулөрдүн жоон тобу. Алар көп, рынок алардын керектөөсүнө, талабына карап багыт алат. Социалдык багыт алуучу мамлекетти курууда негизги кадамдардын бири – бул адамдардын мамлекет бизди багат деген тушунуктөн арылуусун эсептейм”.

Учурда пенсияга эркек кишилер 63 жаштан баштап, ал эми аялдар 58 жаштан баштап чыгышат. Азыркы күндө 600 миңден ашык ардагер бар. Негизи биздикиндей пенсия системасында бир ардагерге айлык алып иштеген адамдан 3өө туура келиши керек. Бирок Кыргызстанда азыр бир ардагерге 1,2 иштеген адам туура келип жатат. Албетте, биздин өлкөдө пенсиянын жылдан –жылга өсүшү ардагерлерибизди сүйүндүрүп жатат. Президент Алмазбек Атамбаев ардагерлерди татыктуу деңгээлде пенсия менен камсыз кылууга жакшы көңүл буруу керек экендигин ар бир сөзүндө белгилеп келет. Бирок бул тармакта керектүү реформанын жүргүзүлбөгөндүгүнөн, катар-катар эскперименттер жасалып жакшы жылыштар болбогондугунан алдыда эмне болоорун айтыш кыйын. Кантсе да пенсиялык кризиске кептелип бараткандыгыбыз айдан ачык. Бул тууралуу безилдеп башкы экономисттерибиздин бири Акылбек Жапаров айтып келет( Акылбек Жапаров менен интервью кезекте).

2014-жылы пенсиянын орточо көлөмү электр энергиясына компенсацияны эске алуу менен жашоо минимумунун өлчөмүнөн 24 сомго көбүрөөк – 4 миң 432 сом болгон. Соцфонддун маалыматы боюнча мындай жана мындан ашык пенсияны ардагерлердин 60 пайызы гана алчу. Ошондо 200 миңдей ардагер 1500 сомдон ашык пенсия алып жашап келишкен. 2016-жылдын башында пенсиянын орто көлөмү 320 сомго көбөйүп 4 миң 753 сомду түздү. Октябрда пенсия дагы өсүп орто пенсия 5 миң 173 сомго жетти. Бул долларга айлантканда 70 доллар болот. Жакынкы кошуналардын арасынан пенсиянын көлөмү жагынан Кыргызстан ортоңку позицияны ээлейт. Анткени Казакстан менен Орусияда сом менен көрсөтсөк орточо пенсия 17 мин сомдон ашат, ал эми Өзбекстан менен Тажикстанда Кыргызстандыкынан аз – болжол менен 2 миң сом. Албетте, Өзбекстан менен Тажикстанга караганда биздин ардагерлердин пенсиясы мактанаарлык, бирок Казакстан менен Орусияга караганда 3 эсе аз болуп жатат. Ал эми Америка Кошмо Штаттарынын ардагерлеринин орточо пенсиясы 100 миң сомго барат. Өсөөр эл бийиктегилер менен атаандашып жашашы керек. Муну баары түшүнүшөт.

Президент Алмазбек Атамбаев пенсия системасында реформаларды жасоону Соцфонддун жетекчилерине буюруп жатып, өткөн жылы Пенсия тууралуу Мыйзам өзгөртүлдү. Буга ылайык, айлык маянанын (кирешенин) пенсияны топтоого жумшалуучу чек деңгээли 8 миң сомдон 15 миң сомго көбөйгөн. Бул мыйзам 2016-жылдын 1-сентябрынан баштап күчүнө кирген. Демек, пенсия системасында реформа жүргүзүүдө элдин айлыгынан пенсияга жумшалчу каражаттын санын көбөйтүүдөн башка амалды сунуштоого жетекчилердин кудурети жеткен жок. Адистердин айтымында, Кыргызстан бул жаатта жакшы жетишкендиктерди көрсөткөн өлкөлөрдөн – Сингапур, Улуу Британия, жакынкы Казакстандан үлгү алса болмок. Анткени алар пайдаланган модель менен ардагерлердин жашоосун гана эмес, бүткүл өлкөнүн да экономикасын жакшыртууга жол ачык.

Кыргызстан өлкөнүн пенсиялык камсыздандырууда башкаларга салыштырмалуу акыркы орундарды ээлөөсүн биздин өкмөттөгүлөр: “Кандай экономика болсо, ошондой пенсия”, – деп айтып кутулушат. Чындыгында айып баягы эле реформалар туура эмес жүргүзүлгөндүгүндө, иш билги адистердин жетишсиздигинде экендигин мойнубузга алышыбыз керек. Мисалы, 2008-жылы пенсияга чыгуу үчүн эмгек китепчесинде эркек киши үчүн 30 жыл, аял үчүн 25 жыл жалпы камсыздандыруу стажы бар адамдар пенсияга эрте чыга алышат деген жаңычылдыкты киргизүү менен ардагерлердин саны кескин көбөйүп кеткен. Кийинчерээк өкмөт пенсияга чыгуу чек курагын 3 жылга көтөргөнү менен маселе чечилген жок. Жыл сайын ардагерлердин саны 10 миң кишиге көбөйүп барат. Ушул эле учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүчү жаштар башка өлкөлөргө акча табууга иштеп кетишип өлкө ичинде алардын саны кыскарууда. Мындан улам республикалык бюджетке күч келип, ондогон миллиард акчалар пенсияга жумшалып жатат. Пенсия акырындап өскөнү менен ардагерлердин жашоосу деле оңолуп кеткен жери жок. Мамлекеттин бюджетиндеги дефицит болсо жылдан жылга көбөйүп жатат. Азыркы иштеп жаткандар келечекте татыктуу пенсия алышабы деген суроого кепилдик бермек түгүл эч ким жооп бере албайт.

Шамиль Атаханов, экс-вице-премьер:

“Өкмөт Соцфонддун саясатына ишенип алган, анткени, акыркы 23 жылда өкмөт өзү 24 жолу алмашты. Бул маселеде тилекке каршы мураскерлик жок болуп жатат. Проблемалардын баардыгы пенсия системасында эксперттик коомчулук, академиялык изилдөөлөр жана пенсия системасын башкарууда заманбап инструменттери болгон финансист, программисттердин жоктугунда болуп жатат. Болбосо пенсиянын базалык бөлүгү 5 жылда 400 пайызга өскөн, ал эми ИДП киреше 3,6 пайызга өскөн парадокско күбө болмок эмеспиз.

Ошондой эле эмне үчүн фермерлер пенсия фондунун үлүшүндө 1 пайыз төлөмдөрдү толөшот, а бирок аларга пенсия төлөөдө 37 пайыз каралган? Эмнеге ишканаларда иштегендер айлык маянасынан Соцфондго 8 пайыздык төлөмдөрдү жүргүзүшөт, ал эми жумуш берүүчү 17 пайыз, баары болуп 25 пайыз бул орто эсеп менен 3 миң 650 сом? Ал эми патент менен иштегендер 200 сом төлөшөт, бул акча киреше да айлык маяна да болуп эсептелинбейт! Бул маселелер көптөгөн суроолорду жана күмөн ойлорду жаратат. Бул пенсиялык камсыздандыруу менен байланышкан маселелерди парламент, өкмөт дегеле жалпы коомчулук чечиши керек”

Жакынкы кошуналардан Казакстанда пенсия системасын өзгөртүшкөнүнө он жылга жакындап барат. Аларда жеке жана мамлекеттик топтоочу пенсия фонддору бар. Мында ар бир адам мамлекеттик болобу же жекеби, айтор милдеттүү түрдө төлөмдөрдү жүргүзүшөт. Казакстанда мамлекеттик пенсия фонду жоюлуп кеткен. Эми мамлекеттик пенсия берүүчү борбор республикалык деңгээлде төлөмдөрдү чогултуп, эгерде төлөмдөр жетпесе мамлекеттик бюджеттен тикелей акча алып ардагерлер алдында милдеттенмесин аткарат – пенсия төлөп берет.

Казакстан жеке пенсия фонддорунун салымын ошондо эле түшүнушкөн экен. Биздин Кыргызстанда топтоочу пенсия фонддору тууралуу мыйзам 2013-жылдын аягында кабыл алынган. Бирок, иш жүзүндө мамлекеттин ыкшоолугунанбы же адамдардын буга даяр болбогондугунанбы, айтор топтоочу пенсия фонддоруна масштабдуу түрдө ишеним жарала элек. Болбосо, “мамлекет бизди багышы керек” тушүнүгү коомдо жашамак эмес.

Politmer.kg

Дата добавления: 09.08.2017

Для того чтобы оставлять комментарии необходимо авторизоваться или зарегистрироваться.

Подписки на новости