Аналитика и новости

АТАМБАЕВ убада кылгандай 2017-жылы Кыргызстан энергетикалык көз карандысыз өлкөгө айланабы?

09.08.2017 06:41

АТАМБАЕВ убада кылгандай 2017-жылы Кыргызстан энергетикалык көз карандысыз өлкөгө айланабы?

Президент Алмазбек Атамбаевдин президент болуп турганда эң чоң жетишкендиги деп “Датка-Кемин” электр линиясын салып ишке киргизгенин эсептесе болот.

Кыргызстан өзүндө өндүргөн электр энергияны Токтогул ГЭСинен Өзбекстан жана Казакстан аркылуу тартып алып келген. Транзит үчүн коңшу өлкөлөргө миллиондогон доллар акчалар төлөнүп турган.

Президент Алмазбек Атамбаев “Датка-Кемин” электр линиясынын расмий ачылышында Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетти деп айтканы бар:

“Кыш келгенде энергетиктерибиз жалдырап коңшулардын көзүн карап, электр энергияны кесип коёбу же кеспейби, свет болобу, же болбойбу деп коркчубуз, кудайга шүгүр, эми биз эмес алар бизге жалдырайт”

Электр линиялары долбоору Кытайдын 389 миллион долларлык берген насыясы аркылуу ишке ашты. Кыргыз тарап бул насыяны 20 жыл ичинде төлөп берши керек. Ошол 2015-жылы Датка-Кемин электр таратуучу линияларынын расмий ачылышында президент эртерээк сүйүнүп айтып алса керек. Анткени, энергетикалык толук көз карандысыздыкка жетүүгө Датка-Кемин электр линияларынын ишке киргизилиши аздык кылат. Дагы бир нече долбоолорду ишке ашыруу зарыл:

Учурда Бишкек жылуулук электр борбору реконструкциядан өтүп жаткан учуру. Ремонттун Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүткүчө аяктаарынан шек жок. Токтогул ГЭСин оңдоо иштери 2017-жылдын апрель айында башталаарын “Улуттук электр станцияларынын” жетекчиси Айбек Калиев билдирген. Мындан тышкары Камбар-Ата-2 ГЭСин толук бүтүү маселесин чечүү азырынча эч кандай жыйынтык бере элек.

Ал эми Жогорку Нарын каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча орусиялык инвесторлор менен болгон долбоорлор макулдашуулардан кийин жокко чыгарылган. Эми кайра жаңы инвесторлорду таап бул долбоорлорду ишке киргизүү үчүн жок дегенде дагы он жыл талап кылынат дешет адистер.

Ошондой эле, президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарында газдан жана көмүрдөн электр энергия өндүрүүчү станция курууну убада кылган:

“Мен бул маселе боюнча «Газпромдун» жетекчиси Миллер менен сүйлөштүм. Ушундай бир электр станция куруп бериңиз деп өтүндүм. Ушул иштер бүтсө биз электр энергия менен өзүбүздү да камсыз кылабыз, чет өлкөлөргө да кымбат сатканга мүмкүнчүлүк пайда болот».

Бул боюнча Алмазбек Атамбаев гана айтып, ал эми Миллер мырза ооз ачкан эмес. Демек, Алмазбек Атамбаевдин күзүндө президенттик мөөнөтү бүткүчө убада кылган энергетикалык коопсуздук маселеси толук чечилбей калат өңдөнөт…

Politmer.kg

Дата добавления: 09.08.2017

Для того чтобы оставлять комментарии необходимо авторизоваться или зарегистрироваться.

Подписки на новости