Аналитика и новости

Акыркы жылдарда премьер-министр, министрлер жана Бишкек шаарынын мэрлери кандай убадаларды берген?

09.08.2017 12:43

Акыркы жылдарда премьер-министр, министрлер жана Бишкек шаарынын мэрлери кандай убадаларды берген?

Тайырбек Сарпашев: “Жерүй үчүн түшкөн 100 млн долларга 100 мектеп куруп, дагы 100 мектепти ремонттон өткөрөбүз” – убада аткарылган эмес.

Жерүй алтын кени Кыргызстанда алтын запастары боюнча Кумтөрдөн кийин 2-орунда турат. Мындан тышкары баалуу түстүү металлдар тонналап жатат, -дешет адистер.
Жерүйдү геологдор 1968-жылы изилдеп көрүп ачышкан. Бул алтын кени америкалык, канадалык, орусия жана казакстандык компаниялардын кызыгуусун жараткан. 2006-жылдын майында Жерүйдү өздөштүрүү укугу австриялык Глобал Голд компаниясына берилген. Бул чет элдик компаниянын артында россиялык капиталдын өкүлдөрү турган деп айтылып келет. Ошол эле жылдын июнунда биргелешкен Жерүйалтын жабык типтеги акционердик коом тузүлүп, мында Кыргызалтын ААК үлүшү 40 пайызды түзгөн. Компания гүлдөп иштээрине ишенип өкмөт андан түшкөн кирешени 2007-2008-жылдардагы мамлекеттик бюджетке да киргизишкен эле. Бирок жергиликтүү калк буга каршы нааразылык акцияларын өткөрүп бул компанияны иштетпей коюшту.
2010-жылы өкмөт Жерүйалтын ЖАК алтын кенди иштетүү лицензиясын алууну чечип, жыйынтыгында бүтпөгөн сот иштери башталды.

Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын майында Жерүйдү эч ким сатып албаса өзүбүз иштетебиз деп убада берди.
Бирок ошол эле май айында конкурс болуп, “Восток-геолдобыча” ААК(Муса Бажаевдин “Русская платина” компаниясынын филиалы) утуп, иштетүү укугу үчүн Кыргызстанга 100 млн доллар төлөп беришти.
Ошол кездеги 1-вице-премьер-министр болуп турган Тайырбек Сарпашев бул 100 млн долларга 100 мектеп куруп, дагы 100 мектепти ремонттон өткөрөбүз деп убада берди.
Бирок бул каражат Балыкчы-Корумду автожолун курууга жана Дуйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жумшалып кетти.

Билим берүү министри Гульмира Кудайбердиева: “Мектептерге интернет киргизебиз”-убада процессте

Мектептерге интернет киргизебиз деп жүргөн учурда уюлдук телефондордогу мобилдүү интернет баарында болуп калды. Мектепте интернет жок болгону менен көпчүлүк үйлөрүнө интернет киргизип алышкан. Адистердин баамында бул маселе актуалдуу болбой калган менен билим берүү министрлери бул маселени дагы деле көтөрүп жатышат. Балким аларды аймактарга жиберип мектеп жамааты жана окуучулар менен жолуктуруш керек. Анткени билим берүү системасында андан курч проблемалар бардыр?…

Тайырбек Сарпашев: “Электрондук өкмөт” долбоору ишке киргизилет” – убада аткарылган жок.

Электрондук башкаруу, электрондук өкмөт, электрондук документ алмашуу, айыл чарба, саламаттыкты сактоо жана башка тармактардын баардыгын электрондоштурабыз деген убадалар айтылганы менен муну ишке ашыруу он жылга жакындады. Бул тууралуу Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин эми Алмазбек Атамбаевдин тушунда дагы айтып келишсе дагы, гранттардын жетпей жаткандыгына шылтап жарым жолдо калтырып коюшту. Мамлекеттик кызматтарды электрондоштуруу коррупция, бюрократияны жоюуга, эн негизгиси жөнөкөй карапайым элдин жашоосун ыңгайлаштырууга багытталган.

Он жыл мурда электрондук өкмөт тууралуу алгачкы сөздөр айтылып баштап бул үчүн транспорт министрлиги, өкмөт өзү жана МКК жооптуу деп бекитилген.
Өкмөт тактап айтканда 1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2014-жылы элеткрондук өкмөт жакынкы убакта ишке киргизилет, жашоо жеңилдейт деп эл менен болгон жолугушууларда айтып келген.

ИИМ менен МКК калктын бирдиктүү базасын түзүү керектигин аныкташты. Анткени бул органдардын өзүнчө каттоо базалары бар жана бири-бириникинен айырмаланып турат. Маалымат технологияларын ишке киргизээрден мурда ушул маалымат базаларын тууралап чыңдап алууну башка мамлекеттик органдар дагы эп көрүп, ошол боюнча электрондук башкаруу дым болду.
Он жылдан кийин бир гана Мамлекеттик каттоо кызматында гана Калктын бирдиктүү реестри, даректердин жана башка маалыматтардын базасы пайда болуп, кызматкерлердин жумушун, элдин түйшүгүн бир аз да болсо жеңилдетти.

2015-жылы болсо транспорт жана коммуникация министрлиги электрондук өкмөттү 2025-жылы ишке киргизебиз деп билдирүү жасады. Бирок көп өтпөй мындай аталыштагы министрлик жоюлуп кетти.

Иса Өмүркулов: “Таштанды иштетүүчү заводду ишке киргизебиз” – убада аткарылган жок.

Бишкектин “Таштанды-Сити” деген каймана аты бар экендигин билчү белеңер? Таштанды тонналап шаардын сыртына чыгарылып жатса дагы ичинде деле үймөк-үймөк болуп экинчи көчөлөрдө жатканын көрүүгө болот. Келген мэрлердин баардыгы таштанды иштетүүчү завод болот деп убада берип ишендирип келишет. Айрыкча мэр Иса Өмүркулов “Мен силерге убада берем, таштанды кайра иштетүүчү заводду курабыз”, – дегени бар.

Бирок шаардыктар бул заводду канчалаган жылдар бою күтүп жүрүшөт. Тилекке каршы, бул убадалар оозеки түрүндө гана берилип жатты. Кубанычбек Кулматовдун мэр болуп келишинде ЕӨРБ менен келишим түзүлгөн, ал тургай таштанды челектер жана машиналарды сатып алуу дагы пландалган эле. Ал дагы 2019-жылга калды.

Мэрия: “Кичибустардын ордуна 600дөй троллейбустарды жана 50 автобус алып келип иштетүү

Бишкектин жолдорунда пробка жаратуучу миндеген кичибустардын ордуна кенен жана ыңгайлуу автобустар менен троллейбустар каттай баштаары тууралуу ой шаар тургундарынын кыялына айланып баратат. Арстанбек Ногоев, Данияр Үсөнов, Нариман Түлеев, Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, атүгүл азыркы мэр Албек Ибраимов дагы автобустар менен троллейбустарды алабыз деп убада беришкен. Нариман Түлеевдин учурунда келген кытайлык автобустар келип алар да көп өтпөй бузулуп автобазада чачылып жатат.
2016-жылы жаңы 10 автобус келген менен маселе чечилген жок.

Politmer.kg

Дата добавления: 09.08.2017

Для того чтобы оставлять комментарии необходимо авторизоваться или зарегистрироваться.

Подписки на новости

Инфографики

Оцени политика

Казаков Туголбай Токтогулович

Министр культуры, информации и туризма КР

Джунушалиев Кашкар Астаканович

Экс-министр внутренних дел КР

Абакиров Эльдар Курманбекович

заместитель министра экономики КР

Кулов Феликс Шаршенбаевич

экс-депутат, фракция "Ар-Намыс"

Момбеков Рыскелди Чыныбекович

депутат от фракции СДПК, 0312 63-88-40

Кулматов Кубанычбек Кенешович

Председатель правления Российско-Кыргызского фонда...

Шадиев Аскарбек Алимбаевич

депутат от фракции "Бир Бол", 0312 63- 90-36

Арпачиев Данияр Карагулович

Мэр города Каракол

Акаев Жанарбек Кубанычович

депутат Жогорку Кенеша

Бакчиев Джаныбек Абдукапарович

депутат от фракции "Бир Бол"