Обещание

13.06.2017 17:17 Под наблюдением

Чатырларда окуп жаткан окуучуларга кийинки жылы мектеп куруу пландалууда.

Кыргызстандын түштүк тарабында өзгөчө кырдаалга туш келип, жарактан чыккан 3 мектептин ордуна жаңы мектеп курулары туурасында өкмөт үйүндө болуп өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министрлиги Гульмира Кудайбердиева кабарлады.

Анын айтымында, 2017-жылы начар абалдагы мектептердин тизмеси 193кө жеткен. Келечекте 108 жаңы мектеп курулуусу абзел. Ал эми, баштан-аяк ремонттон өткөрүү зарыл деп 73 мектеп көрсөтүлсө, учурда өтө коркунучтуу абалда 12 мектеп турганын айтып өттү. Өзгөчө кырдаалга туш келип, окуу жылын палаткада билим алуу менен өткөргөн Өзгөн районуна 1 Чоң Алай өрөнүнө 2 мектеп келээрки жылы курулат деп белгилеп кетти.



Источник:Политмер

122 мектеп 2017 – 2018-окуу жылына карата «Капиталдык салым» беренеси боюнча куруу Планына киргизилген

10.08.2017 17:41 Под наблюдением

122 мектеп 2017 – 2018-окуу жылына карата «Капиталдык салым» беренеси боюнча куруу Планына киргизилген

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасынын негизинде республиканын мектептеринин абалын изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, иштин жыйынтыгы боюнча капиталдык ремонтко же жаңы курууга муктаж 193 мектеп аныкталган. Анын ичинен 122 мектеп 2017 – 2018-окуу жылына карата «Капиталдык салым» беренеси боюнча куруу Планына киргизилген. Андан тышкары 12 авариялык, окууга мүмкүн эмес мектептерди аныктаган, ошондой эле өлкөбүздүн түштүк аймагында 5 мектеп жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган. Бул 17 мектеп азыркы убакта курулуп жатат. Ушул жылдын ноябрь айында курулуштун аяктоосу пландаштырылууда.

Срок завершения: 07.02.2018

Для того чтобы оставлять комментарии необходимо авторизоваться или зарегистрироваться.

Подписки на обещание

Кудайбердиева Гульмира Каримовна

Министр образования и науки

Рейтинг 50%

50