Обещание

​Бишкектин Жал кичирайонунда кытай тилин үйрөнүү менен жаӊы жалпы билим берүү мектеби жаны окуу жылынан(2017-2018) ачылат

10.08.2017 17:38 Выполненные

​Бишкектин Жал кичирайонунда кытай тилин үйрөнүү менен жаӊы жалпы билим берүү мектеби жаны окуу жылынан(2017-2018) ачылат

Бишкектин Жал кичирайонунда кытай тилин үйрөнүү менен жаӊы жалпы билим берүү мектеби жаны окуу жылынан ачылат. Мектеп Кытай Эл Республикасынын кайтарымсыз грантынын эсебинен курулду. Аталган мектепте окутуулар Кыргыз Республикасынын стандарттары жана тереӊднтилген кытай тилин үйрөнүү менен окутулат. Мектеп 600 адамга ылайыкталды. Бардыгы 24 класс түзүлөт: анын ичинен, 15 кадимки жана 9 атайын класстар (ремеслолук эмгек, эсептөөчү машина, музыка, көркөмөнөр, физика, химия, биология) Жаңы мектепте окуу корпусу, актовый зал, баскетбол залы, ашкана, ачык стадион, эки футбол талаасы жана узундугу 100 м төрт чуркоо жолчололрунан түзүлгөн үч кабаттуу имарат курулган. Кытай тарап керектүү окуу жабдуулары, эмеректер менен камсыздап, муниципалдык менчикке өткөрүп берди.

13.06.2017 17:57 Под наблюдением

жаңы окуу жылы башталаар замат (2017-2018) жаңы жабдыктар менен жабылган мектеп ачылылат

Сауд Аравия өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 16 мектеп куруу боюнча, учурда, Жогорку Кеңште каралып жатканын Билим берүү жана илим министрлиги Гульмира Кудайберидиева билдирди.

Анын айтымында Өзбекстан Мамлекети, Ош шаарына мектеп курушат. Мындай эки Мамлекет ортосундагы кызматташууну учурда өкмөт процедурадан өткөрүп жаткан чагы. Ошондой эле, Россия да, Бишкекке мектеп салып бермекчи, мындан тышкары, жаңы окуу жылы башталаары замат жаңы жабдыктар менен жабылган мектеп ачылып, Кытай Мамлекети тарабынан каржыланарын айтып өттү. Эң негизгиси аталып өткөн Мамлекеттер тарабынан курулган мектептерде мамлекеттик стандарт боюнча кыргыз тилинде билим берилерин баса белгиледи.


Источник: Политмер

Дата добавления: 13.06.2017

Для того чтобы оставлять комментарии необходимо авторизоваться или зарегистрироваться.

Подписки на обещание

Кудайбердиева Гульмира Каримовна

Министр образования и науки

Рейтинг 50%

50