«Политмер.kg» сайты 2011-жылдын 26-сентябрда өз ишин баштаган. Ресурс Кыргызстанда саясий маданиятты өнүктүрүүгө багытталган. Долбоор 2011-жылы 30-октябрда өтчү президенттик шайлоо алдында ишке кирди. Бул убакта ресурстун негизги максаты үгүт маалында болуп өткөн окуялар, берилген убадаларды чогултуу болгон.
Мындан тышкары сайттын кызматкерлери шайлоого талапкерлер жана алардын убадалары боюнча чыныгы жана кызыктуу маалыматтарды чагылдырып турат. Азыркы учурда Политмердин командасы маалымат-аналитикалык ресурсту жакшыртуунун үстүндө иш алып барышууда. Кыргыз Республикасынын Президенти баш болгон мамлекеттик кызматкерлердин: Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт башчы, мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары берген убадаларына анализ жасоону улантууда. Жыйынтыгында ар бир убаданын аткарылышы көзөмөлгө ээ жана “аткарылды”, “аткарылган жок”, “байкоодо” деп белгиленип турат.
Саясатчылар жарандардын алдында берген убадалары үчүн жооптуу. Ошондуктан биздин негизги максат убадалардын үстүнөн коомдук көзөмөлдү камсыз кылуу.
Ар бир колдонуучу бизге саясатчылардын жер-жерлерде берген убадаларын жана аларды аткаруу боюнча далилдерди (текст, видео) жибере алат.
2018-жылы politmer.kg сайтында “Declarator” бөлүмү пайда болду. Бул бөлүмгө сайттын башкы бетинде жайгашкан баннерди басып өтсө болот. Declarator – КР мамлекеттик кызматкерлеринин мүлкү жана кирешелери боюнча декларацияларынын базасы. Сайтта Мамлекеттик кадр жана Салык кызматынын сайттарынан алынган электрондук декларациялар жөнөкөй, ыңгайлуу жана кызыктуу форматта чагылдырылган.
2020-жылы кезектеги парламенттик шайлоо алдында биз “Шайлоочунун Компасы” аттуу тиркемени ишке киргиздик. Анын жардамы менен шайлоочулар шайлоого катышкан саясий партиялардын программалары менен жакын таанышып, кайсы чөйрөлөрдө кандай убадаларды бергенин талдап көрүп, аңдап, ойлонуп добуш берет деп ишенебиз. Мындан тышкары сайтта чөйрөлөрдү (экономика, социалдык жана миграциялык, тышкы жана ички саясат, экономика, экология, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б.) тандап башка партиялардын ушул жаатта багыты менен салыштырса алат.
«Politmer.kg» сайтынын редакциясына Facebook, Instagram, ok.ru социалдык тармактардагы баракчалары же [email protected] е-почтасы аркылуу кайрылып бизге саясатчылардын убадалары боюнча маалымат жиберсеңиз болот.
Биз сиздер менен иштөөгө жана кызматташууга дайым даярбыз!
Редакциянын командасы:
Наргиза Нанакеева, долбоордун жетекчиси
Наргиза Нанакеева КООРТ, НТС, НБТ телеканалдарында иштеген. 2011-жылдан бери politmer.kg сайтын жетектейт.
Асель Сооронбаева, сайттын журналисти
Асель Сооронбаева учурда дата-журналистика жанрындагы чебер журналисттердин бири. Ал профессионалдуу журналистика чөйрөсүнө келгенине аз гана убакыт болду. Ал кесиби боюнча саясат таануучу. Politmer.kg cайтында 2017-жылдан бери иштейт.
Александр Шабалин, сайттын журналисти
Александр Шабалин - КРСУ бүтүрүүчүсү. Журналист Kaktus.Media редакциясында дагы иштейт. Александрдын колунан статистикалык маалыматтар графикаларга айланып, кызыксыз маалыматтар түскө боелот.
Рахат Токсобаев, сайттын дизайнери
Рахат Токсобаев медиа чөйрөдө 2010-жылдан бери иштейт. Super.kg (“Супер-инфо” газетасынын сайты) сайтында, “5 канал” жана “Аян ТВ” телеканалдарында эмгектенген. Politmer.kg сайтында дизайнер болуп 2020-жылы ишке кирди. Анын колунан видео- жана анимациялык роликтер жаралат.
Айжан Алымсеитова –сайттын SMM-адиси
Айжан долбоордо эң жаш кызматкери. Ал 24 жашта. “Манас” университетин аяктагандан кийин «Манас FM» радиосунда алып баруучу, башка жеке компанияларда PR-адис, маркетолог жана менеджер болуп иштеген.