Президент Садыр Жапаровдун убадалары. 1-бөлүм

28.01.2023 22:00


 “Азыркы  тагдырым, максатым, иштөө принцибим да Исхак Раззаковдун идеялары менен үндөш, ага абдан жакын. Улуу Ата-Мекендик согуштан кийинки ураган мамлекет, бүлүнгөн чарбаны оңдоо тагдыры туш келген...  ...Мен анын сөзүн ураан катары айтсам, “сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деген”.

Мындай билдирүүнү Садыр Жапаров 2020-жылдын 2-ноябрында Баткен шаарында эл менен жолугушуу учурунда айткан. Ал ошол кезде президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр болуп турган:

 


Маалымат үчүн: Исхак Раззаков он жыл Кыргызстандын Компартиясын, бир топ жыл министрлер кабинетин жетектеген инсан. Сталиндик репрессия, хрущевдук «ала баар» тушунда жооптуу кызматтарда иштеген жетекчинин убагында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жанданган.


Туура эки жыл мурда,  2021-жылдын 28-январында Садыр Жапаров расмий түрдө өлкөнүн президентинин кызматына киришип жатып Кыргызстанда президенттик башкаруу болушу керектигин жана өлкө башчысы мамлекетти өнүктүрүүгө керт башы менен жооп берээрин баса белгилеген.  



Ошентип Кыргызстан кайрадан президенттик башкаруу системасына түшүп Садыр Жапаров өзү айткандай, мамлекетти өнүктүрүүгө жеке жоопкерчиликке ээ болду. 


Жапаров бийликке келгенден бери кандай убадаларды берди, аткардыбы же сөзүнө турган жокпу politmer.kg сайтындагы маалыматтарды колдонуу менен талдоо жасаганга аракет кылдык.


Politmer.kg сайты саясатчылардын убадаларына мониторинг жүргүзүп, аткарылышын текшерет.


Саясатчылардын убадаларына саресеп салган ресурска көз чаптыра турган болсок, Садыр Жапаровго президенттик шайлоо алдында жана кызматына киришкенден тартып 100дөн ашуун убада таандык.  


Статистикага ылайык, президенттин убадаларынын 14 пайызы аткарылган:




АТКАРГАН УБАДАЛАРЫ:


Премьер-министр Садыр Жапаров 2020-жылдын 14-октябрында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында журналисттер менен болгон жолугушууда депутаттардын санын 90го чейин кыскартуу керектигин билдирген: 


 “Депутаттардын санын 120 эмес, 70 же 90го кыскартып коюп, анан парламенттик шайлоону өткөрүп алсак. Андан кийин жаңы парламент конституциялык реформага барса туура болот экен. Бул менин жеке оюм”.



2021-жылы 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтүп , Жогорку Кеңешке 90 депутат (партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36) келмей болду.



“Кумтөр 100% мамлекетке иштейт”


 

"Кумтөрдү элге алып беребиз" деп Садыр Жапаров 11 жыл мурда Жогорку Кеңештин трибунасынан, маалымат каражаттары аркылуу айтып, бул маселе менен элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 2012-жылы парламентте Кумтөр боюнча комиссияны да жетектеген.  Ошол эле жылдын 3-октябрында «Ата Журт» фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов Бишкек шаарында Кумтөрдү улутташтыруу талабы менен митингге чыгып бийликти басып алууга аракет жасагандыгы үчүн камакка алынышкан. 


Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрында жасалган төңкөрүш учурунда элдин күчү менен абактан чыгарылып, сот тарабынан акталган. 10-октябрда премьер-министр болуп шайланды. Бирок бийликке келгенден кийин Кумтөр боюнча ою өзгөргөнү эсибизде.Тактап айтканда, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кумтөрдө алтын калбай калгандыгына байланыштуу улутташтыруу маселеси актуалдуулугун жоготту, деп билдирди:  



Бирок, төрт күн өткөн соң, тактап айтканда 14-октябрда, ал бийликке келсе, кен өкмөткө иштей турганын айткан.  Президенттик шайлоодо жеңишке жетип президенттикке киришкен кийин 2021-жылдын май айында кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин өз карамагына алды. Кыргыз бийлиги чет элдик компанияны экологиялык ири чыгым келтиргенин жана чоң суммада салыктарды төлөбөй келгенин негиз кылышкан.  “Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорду мойнуна албай Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Эки тарап узак талаш-тартыштардан соң, 2022-жылдын 4-апрелинде акыркы келишимге кол коюлуп, президент Садыр Жапаров түз эфирде кыргыз элине Кумтөр толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөнүн жар салды:
 

“Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, "Кумтөр Голд Компани“ ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү”.



“Мындан ары Жүк-200дүн бардык чыгымын мамлекет мойнуна алат”


Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийин Москвага барган иш сапарында 2021-жылдын 24-февралында кыргыз мигранттары менен жолугуп бир катар убадаларды берген



“Мындан ары ГРУЗ-200 бардык чыгымын мамлекет толук мойнуна алат. Маселени чечүүдө консулдар иштешет. Бул боюнча мен жакында указга кол койдум”.


Мындан тышкары маалымкат, күбөлүк, паспортторду элчилик, консул кызматтарынан алуу мүмкүнчүлүгү жана башка түрдүү убадалар жаңырган.  


Садыр Жапаровдун жогоруда белгилегенден башка коррупция менен күрөшүү, авторидардык режимден алыс болуу, шайлоолорду таза өткөрүү, Жетим Тоону кыргыздын пайдасына иштетүү, ГЭСтерди куруу, эл аралык милдеттенмелерди аткаруу, мектептерде дин сабагын киргизүү жана башка убадалары бар. Аларды politmer.kg сайтынан көрсөңүз болот. 


10-январда президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров “Убадаларым аткарылбаса ата-энемдин, баламдын арбагы кечирбес”, -  деп билдиргени  бар:


 

Президент берген ар бир убадасын аткарып жатабы же жокпу, аны окурмандар таразаласын.


Макаланын 2-бөлүгүн https://politmer.kg/article/1133 , ал эми 3-бөлүгүн https://politmer.kg/article/1134 шилтемеси аркылуу окуңуздар.


Материалды даярдаган: Наргиза Нанакеева

Жаңылыктарга жазылыңыз