Президент Садыр Жапаровдун убадалары. 2-бөлүм

28.01.2023 21:46

Туура эки жыл мурда,  2021-жылдын 28-январында Садыр Жапаров расмий түрдө өлкөнүн президентинин кызматына киришип жатып Кыргызстанда президенттик башкаруу болушу керектигин жана өлкө башчысы мамлекетти өнүктүрүүгө керт башы менен жооп берээрин баса белгилеген.  



Ошентип Кыргызстан кайрадан президенттик башкаруу системасына түшүп Садыр Жапаров өзү айткандай, мамлекетти өнүктүрүүгө жеке жоопкерчиликке ээ болду. 


Жапаров бийликке келгенден бери кандай убадаларды берди, аткардыбы же сөзүнө турган жокпу politmer.kg сайтындагы маалыматтарды колдонуу менен талдоо жасаганга аракет кылдык.


Politmer.kg сайты саясатчылардын убадаларына мониторинг жүргүзүп, аткарылышын текшерет.


Саясатчылардын убадаларына саресеп салган ресурска көз чаптыра турган болсок, Садыр Жапаровго президенттик шайлоо алдында жана кызматына киришкенден тартып 100дөн ашуун убада таандык.  


Статистикага ылайык, президенттин убадаларынын 14 пайызы аткарылган:





АТКАРА ЭЛЕК УБАДАЛАРЫ:


 "Чек ара маселесин 2 айда чечебиз!” 
 
 Садыр Жапаров президенттик шайлоо учурунда, маалымат жыйындарында, президент болуп шайланып ант берүү аземинде, акыркы жылдары да Өзбекстан жана Тажикстан коңшу мамлекеттер менен мамилени чыңдап, чек араларды тезирээк чечээрин баса белгилеп айтып келет.:


Садыр Жапаров 2021-жылдын март айында Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуп чек араны үч айда чечүүнү макулдашкан. Анда Кыргызстан Сох анклавына жол ачууну, Өзбекстан Үңкүр-Тоону берүүгө даяр экени белгилүү болгон. Ал эми УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100 пайыз чечилгенин жарыялап, Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы аянт Өзбекстанга берилээрин, анын ордуна башка жактан жер алып жаткандыктарын айткан. Ошентип Садыр Жапаров 2-3 айда чек ара маселесин чечүү убадасын бергени менен Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара тилкелерин тактоо да реалдуулукта дээрлик эки жылга созулган.   Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери 2022-жылдын 3-ноябрында “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө” келишимге жана “Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө” макулдашууга кол коюшкан. Парламенттер бул документтерди ошол эле айда ратификациялап, президенттер Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров да кол коюшту. Өзбекстандын президенти 26-27-январда Бишкекке мамлекеттик иш сапар менен келип, эки мамлекет башчылары келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашты.


Ал эми кыргыз-тажик чек арасында Садыр Жапаров президент болуп келгенден бери бир нече жолу кандуу кагылыштар болду.
 
 2021-жылдын июнь айында Дүйшөмбү шаарында Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жолугушканы менен чек ара маселесинде жылыш болгон жок жана тагдыры дагы деле бүдөмүк бойдон калууда.


 
 
“Сөз эркиндиги, адам укуктарын сактоо – биздин башкы милдет”  


2020-жылы президенттин милдетин аткарып турган маалда өткөргөн маалымат жыйынында Садыр Жапаров журналисттерди коргоого убада берген. Ал “иликтөөчү кабарчылардын өмүрүнө коркунучтар жаралса, керек болсо мамлекет кайтараарын” айткан. Жапаров шайлоочуларга Кыргызстан жараны өзүнүн келечегинен кам санабаган, мамлекеттик машинадан коркпогон, тескерисинче, ага ишенген өлкө болоорун убадалаган. «Сөз эркиндиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары кол тийгис баалуулук бойдон кала берет», деп анын шайлоо платформасында да баса белгиленип турат. Ошондой эле  2021-жылдын 23-октябрында мамлекеттик резиденцияда өткөн журналисттер менен жолугушуусунда өлкөдө сөз эркиндиги сакталып калаарын, аларды куугунтуктоого жол бербестигин дагы бир жолу кайталаган: 



"Бир жыл аралыгында жок дегенде бир журналист негизсиз суракка чакырылдыбы? Жок. Мен дайыма айтып келем, силер тууралуу эмне гана жазышпасын, баарын Кудайга койгула деп. Өзүңөр билесиңер, мурда бийлик силерди көп миллиондогон сомго сотко берет эле. Силер болсо сотко барганга аргасыз болуп, өлкөдөн чыгып кете албайт болчусуңар”.
  

2021-жылдын август айында “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынган. Буга ылайык, өлкөнүн бийлиги соттун чечими жок эле юридикалык же жеке тараптын арыздануусу менен каалаган сайтты  жаап кое алат.   Маданият министрлиги ушул мыйзамдын негизинде ResPublica гезитинин сайтын жаптырып салган. 


Кийинчирээк 24.kg маалыматтык агенттигинин сайтын да жабуу аракети болгон.  Көп өтпөй министрлик өз демилгеси менен 2022-жылдын 26-октябрында «Азаттык Медианын» сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Өкмөттүк мекеменин бул чечими "Настоящее время" каналынын кыргыз-тажик чек арасындагы материалына байланыштуу кабыл алынды. Ноябрда радионун эсеби жабылса, министрлик быйыл январда радионун ишин биротоло токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Бул иш райондук сотто 9-февралда каралат.


Мындан тышкары, 2022-жылдын январь айында күч органдарынын кызматкерлери иликтөөчү-журналист Болот Темировдун кеңсесине кирип келип, тинтүү учурунда анын чөнтөгүнөн баңгизат “таап алышкан”. Мындай аракетти жергиликтүү жана чет элдик медиа уюмдар журналисттин Ташиевдин жакындары тууралуу жасаган иликтөө материалы менен байланыштырып келет. Ноябрь айында Темиров Кыргызстандын жарандыгынан ажыратылып, түз эле сот залынан күч менен өлкөдөн чыгарылды. Болот Темиров менен бирге иштешкен төкмө акын, комузчу Болот Назаров да “жылкы уурдоого” айыпталып, бир нече ай тергөө абагында жатып чыкты. Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев медиа чагылдырган материалга байланыштуу жети ай тергөө абагында отурду. Бийликке сын айткан саясатчы, жарандык активисттердин билдирүүлөрүн социалдык баракчаларына жайгаштырып, ар кандай саясий окуяларды түз эфирде чагылдырып жүргөн 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев төрт ай камалып, кийин үй камагына чыкты. Бир топ жыл эркин гезиттерде уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция боюнча макалаларды жазып жүргөн 41 жаштагы Семетей Талас уулу Фейсбуктагы посту үчүн 48 саатка камалып, кайра бошотулду. 


Сөз эркиндиги бул журналисттин гана эмес, ар бир жарандын эркин сүйлөө укугу, адамдардын коомдук жайларда, социалдык түйүндөрдө, саясатта өз пикирин эркин билдирүү укугу.
 
 
Садыр Жапаров саясий куугунтук эмне экендигин өзү жон териси менен жакшы билгендигин айтып келет. Ошондуктан мындан ары саясатчы болобу же карапайым катардагы жаранбы, саясий куугунтук болбой тургандыгын 2020-жылы октябрда премьерликке шайланып жаткан учурда, ноябрдагы басма сөз жыйынында да сөз берген:



“Мен, тескерисинче бардыгына эч кимди камабагыла, деп айтып жатам. “Куугунтуктабагыла”, деп жатам. Бири-бирибиз менен чабышып жүрүп, 30 жылдан бери мамлекетибизди сазга батырган экенбиз. Эми андан көрө саясатты таштайлы дагы, экономика менен алектенели деген оюм бар. Убактыбызды ошого коротолу. Саясий куугунтук кылгандан, бирөөлөрдү камагандан, түрмөлөрдү толтургандан, эч кандай пайда таппайбыз. Муну мен адилетсиздикти, мыйзамсыздыкты көргөн, бир эмес, эки жолу камалып чыккан киши катары жакшы билем. Мен аны жон терим менен сезген адаммын. Ошону үчүн саясий куугунтук, журналисттердин, жарандардын пикири үчүн куугунтук болбойт. Мурда Фейсбуктагы посту үчүн кечирим суратышчу, эми мындан ары андай болбойт!”.


2022-жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычынын жер аянты Өзбекстанга берилишине каршы пикирлер менен чыккан отуздай саясатчы жана жарандык активисттерди "төңкөрүш жасоого аракеттенген" деген шек менен камалып алиги күнгө чейин тор артында кармалууда.  Алар Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Эрлан Бекчоро уулу, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов,Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов,журналист Айданбек Акматов, мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов.


Жапаровдун бийлиги учурунда түрдүү кылмыш иштери не тартылган саясатчы , журналист, блогер, активисттердин тизмеси мындан да узун. Айрымдары айып пул төлөп үй камагына чыгарылган. 


“Эскилер (чиновниктер) бийликке келбейт!”


Cадыр Жапаров 2020-жылдын 5-октябрында борбордук аянтта, 7-октябрда журналисттер менен жолугушуусунда да бийликте “эскилер” иштебей тургандыгын, мамлекеттик органдарда жаштар иштээрин убадалаган: 




"Эскилер келбесин деп кыйкырып жатат жаштар. Азыр эскилер келбейт, бийликке. келгенде деле алар эки ай эле отурат. Жаңы Конституция кабыл алгандан кийин кайрадан шайлоо болот, парламенттик шайлоо, анан президенттик шайлоо".                  


Бирок кийинки жылы, тактап айтканда 2021-жылдын 11-февралында эфир аркылуу берген маегинде эски кадрлар менен иштөөгө туура келип жатканын билдирген:



2021-жылдын 13-октябрында алмашкан министрлер кабинетинин курамынын башында Акылбек Жапаров турат. Ал эми азыркы министрлер кабинетинин (министрлер, ведомстволордун башчылары, Президенттин региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) жаш курагы төмөндөгүдөй. Көрүнүп тургандай, жаштар 3% гана: 




Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 59 жашта;

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Касымалиев Адылбек Алешович 63 жашта;

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Торобаев Бакыт Эргешевич

50 жашта;

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Эдиль Жолдубаевич

46 жашта;

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич 55 жашта;

Тышкы иштер министри Кулубаев Жээнбек Молдоканович 60 жашта;

Юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович 39 жашта;

Коргоо министри Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич 59 жашта;

Финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович 52 жашта;

Экономика жана коммерция министри Амангельдиев Данияр Джолдошевич 41 жашта;

Санариптик өнүктүрүү министри Иманов Талантбек Орускулович 37 жашта;

Ички иштер министри Ниязбеков Улан Омоканович 48 жашта;

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Базарбаев Кудайберген Базарбаевич-65 жашта;

Билим берүү жана илим министри Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович 49 жашта;

Саламаттык сактоо министри Баатырова Гулнара Маришовна 60 жашта;

Транспорт жана коммуникациялар министри Текебаев Тилек Кыдырмаевич 46 жашта;

Энергетика министри Ибраев Таалайбек Омукеевич 62 жашта:

Айыл чарба министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович 59 жашта;

Өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев Бообек Эргешевич 58 жашта:

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Максутов Алтынбек Аскарович 51 жашта;

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Кутманова Динара Асиевна 62 жашта;

КР министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович 46 жашта; 

КР министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Керимбаева Рахат Топчубаевна 47 жашта 

КР министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Жантаев Элчибек Нуржадыевич 50 жашта; 

КР министрлер кабинетине караштуу жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кутнаева Нурия Асылбековна 46 жашта; 

КР Социалдык фонддун төрагасы Алиев Бахтияр Жеңишбекович 45 жашта; 

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жамалдинов Зиядин Исламович 57 жашта;

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карбекович 50 жашта; 

КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иманбетов Илияз Женишович 52 жашта;

КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сыргабаев Абсаттар Токтогулович 47 жашта;

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эргешов Алтынбек Калдарович 51 жашта;

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нарбеков Бакытбек Наркулович 46 жашта;

КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алымбаев Нурил Джайылбекович 51 жашта. 


Садыр Жапаровдун жогоруда белгилегенден башка коррупция менен күрөшүү, авторидардык режимден алыс болуу, шайлоолорду таза өткөрүү, Жетим Тоону кыргыздын пайдасына иштетүү, ГЭСтерди куруу, эл аралык милдеттенмелерди аткаруу, мектептерде дин сабагын киргизүү жана башка убадалары бар. Аларды politmer.kg сайтынан көрсөңүз болот. 


10-январда президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров Убадаларым аткарылбаса ата-энемдин, баламдын арбагы кечирбесин”, -  деп билдиргени бар.

 


Президент берген ар бир убадасын аткарып жатабы же жокпу, аны окурмандар таразаласын.


Макаланын 1-бөлүгүн https://politmer.kg/article/1133 , ал эми 3-бөлүгүн https://politmer.kg/article/1134 шилтемеси аркылуу окуңуздар.


Макаланы даярдаган: Наргиза Нанакеева



Жаңылыктарга жазылыңыз