Президент Садыр Жапаровдун убадалары. 3-бөлүм
Ошентип Кыргызстан кайрадан президенттик башкаруу системасына түшүп Садыр Жапаров өзү айткандай, мамлекетти өнүктүрүүгө жеке жоопкерчиликке ээ болду.
Жапаров бийликке келгенден бери кандай убадаларды берди, аткардыбы же сөзүнө турган жокпу politmer.kg сайтындагы маалыматтарды колдонуу менен талдоо жасаганга аракет кылдык.
Politmer.kg сайты саясатчылардын убадаларына мониторинг жүргүзүп, аткарылышын текшерет.
Саясатчылардын убадаларына саресеп салган ресурска көз чаптыра турган болсок, Садыр Жапаровго президенттик шайлоо алдында жана кызматына киришкенден тартып 100дөн ашуун убада таандык.
Статистикага ылайык, президенттин убадаларынын 14 пайызы аткарылган:
АТКАРА ЭЛЕК УБАДАЛАРЫ:
"Мамлекетти туугандарыма, досторума башкартпайм!"
2021-жылдын 10-январында Садыр Жапаров президенттик шайлоодон кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып мамлекетти өзүм гана башкарам, деп убада берген:
“Кудай буюрса канча жыл башкарып отурсам мамлекетти, ошончо жыл өзүм гана башкарам, досторго башкартпайм, шопурларга башкартпайм, жардамчыларга башкартпайм, туугандарыма башкартпайм”
Temirov Live журналисттеринин ачык жана расмий маалыматтарга таянып жасаган материалында
президенттин администрациясында жана башка малмекеттик органдарда президенттин жакын туугандары, достору, кудалары жана туугандары бар экендигин аныктап жарыялашты:
«Матраимов камалат!»
Садыр Жапаров 2020-жылдын 5-октябрында аянтта көтөрүлүп чыккан жаштарга толук кандуу ишке киришкенден кийин Матраимов камалаарын убада кылган, бирок көп өтпөй 14-октябрда КР президентинин жана премьер-министринин милдетин аткарып турган убакта бул убадасын “мамлекеттин пайдасына өзгөрткөнүн” билдирди:
"Улуттук коопсуздук кызматы алып келип жаткан анан мага кабар беришти, жаптык камаган атабыз деп. 6-7 саат бою суйлөшүүлөр жүрүптүр. Муу камап койгондо биз мамлекетке бир тыйын пайда алып келе албайт элек. Мен саясий чечим кабыл алып сурандым улуттук коопсуздук кызматтын төрагасынан. 6-7 саат ошондой совещание жүрдү бизде, камаганда не пайда деп. Бул озү да ачыгын айтты, мени камап койгондон эч нерсе келбейт, андан көрө мен баягы мамлекеттен алганымды, мыйзамсыз байыган мүлктөрүмдүн баарын кайтарып берейин деп. Биз ошондон кийин ушундай саясий чечимди кабыл алдык”.
11-февралда Райымбек Матраимов боюнча кылмыш иши аягына чыгарылды. Матраимовдун иши катардагы маселе эмес. Акыркы жылдардагы эң ири коррупциялык схеманын бетин ачкан, бийликтин кадыр-баркына доо кетирип, саясий толкундарды жараткан. Матраимовго каршы “Коррупция” беренеси менен айып коюлуп, мамлекеттик айыптоочулардын маалыматында бюджетке 2 млрд сом өлчөмүндө чыгым төлөдү. Муну эске алуу менен сот тарабынан ага 260 миң сом айып пул тагылды. Албетте, мындай мамиле коомдо кызуу талаш-тартыштарды жаратты.
Эскерте кетсек, 2020-жылдын 20-октябрында Улуттук коопсуздук кызматкерлери бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармашкан. Тергөөчү Матраимовдун мамлекетке келтирген зыянынын өлчөмүн 2 млрд сомго баалаган. Матраимов бул сумманы төлөп берүүгө макул болгон. Муну менен Матраимов мамлекетке зыян келтирип коррупциялык иштер менен алектенгенин мойнуна алган.
Негизи КР Кылмыш кодексинин 319-беренеси “Коррупция” боюнча айыпталган адам 10-15 жылга эркинен ажыратылат. Бирок Матраимов айып пул менен кутулуп кетти.
АКШ бийлиги Райымбек Матраимов жана анын жубайы Уулкан Тургунованы Магнитскийдин тизмесине киргизген. Кийинчерээк Райымбек Матраимов менен аялы экөө фамилия менен аттарын өзгөртүп Райым Ысмайылов жана Уулкан Сулайманова болуп алышкан.
“Мигранттарды жакынкы арада кайтаруу менин милдетим”
Садыр Жапаров чет жакта иштеген миңдеген кыргыз жарандарын Кыргызстанга кайтаруу жөнүндө президенттик шайлоодо үгүт маалында, 2021-жылдын 28-январында ант берүү аземинде да айткан:
“Күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептейм”
29-январда жаңы президент “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Мында кыргыз эмгек мигранттарын ар тараптан колдоо, аларды кайтаруу үчүн кошумча жумуш орундарын түзүү, балдарын камкордукка алуу сыяктуу маселелер бар.
Учурда Кыргызстандын миллиондон ашык жарандары чет өлкөлөрдө эмгектенишет. Аларды өз мекенине кайтаруу үчүн экономика өсүп, миңдеген жумуш орундарын түзүү керек. Албетте, бул 1-2 жылда чечилчү маселе эмес, кеминде 10 жылдай убакыт кетет.
“Кытайдын карызынан 3-4 жылда кутулабыз!”
Жапаров Кыргызстан тышкы карызынан өз күчү менен кутула алат, деп ишенет. Карыздан кутулуунун бир жолу Жетим-Тоо кенинен чыккан сыръёону Кытайга берүү берүү.
Садыр Жапаров 2020-жылдын 3-ноябрында Жалал-Абад облусунда эл менен жолугушуу учурунда төмөндөгүлөрдү айткан:
“Кытай сураган акчаларыбыздын баарын берип келятыптыр акыркы 20-30 жылдан бери. Кредитин кредиттей, грантын да берип келятыптыр. Освоий тетилбей калгандары да бар экен. Аларда эмне күноо бизге берип жатат. Алып анан жеп койгон биздин чоңдордо болуп жатпайбы, жарымын салып, жарымын жеп коюшкан.Өзүбүздүн кен-байлыктарды иштетип, ошолордон түшкөн пайда менен эле жаап коебуз, бир гана Кытайдан эмес, башка өлкөлөрдөн да алган карыздарды жабабыз. Болгону убакыт керек, тынччылык керек, 3-4 жылда жапса болот”
Бирок 10-январда президенттик шайлоодо жеңип чыккандан кийин Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, тышкы карызды 3-4 жылда төлөөгө мүмкүн болбой турганын билдирди.
“Тышкы карызды чечүүнүн жолдорун пландаштырып жатабыз. Буюрса, бул боюнча долбоорлорубуз бар. Алгачкы 2-3 жылда тышкы карыздын баарын жабабыз деп сөз бере албайм. Анткени, экономика, энергетика системасында кыйынчылыктар бар. Алдыңкы 1-2 жыл биз үчүн өтө кыйын болот. Ошондой эле саясий туруктуулугубуз да бекем эмес. Муну ачык эле моюнга алышыбыз керек. Бирок 3-4 жылдан кийин тышкы карыздарыбызды толук жапканга мүмкүнчүлүк алабыз”
Садыр Жапаровдун жогоруда белгилегенден башка коррупция менен күрөшүү, авторидардык режимден алыс болуу, шайлоолорду таза өткөрүү, Жетим Тоону кыргыздын пайдасына иштетүү, ГЭСтерди куруу, эл аралык милдеттенмелерди аткаруу, мектептерде дин сабагын киргизүү жана башка убадалары бар. Аларды politmer.kg сайтынан көрсөңүз болот.
10-январда президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров “Убадаларым аткарылбаса ата-энемдин, баламдын арбагы кечирбесин”, - деп билдиргени бар.
Президент берген ар бир убадасын аткарып жатабы же жокпу, аны окурмандар таразаласын.
Макаланын 1-бөлүгүн https://politmer.kg/article/1133 , ал эми 2-бөлүгүн https://politmer.kg/article/1133 шилтемеси аркылуу окуңуздар.
Макаланы даярдаган: Наргиза Нанакеева