Шайлоо-2021: Керемет жашоону убада кылган партиялар

31.03.2021 11:42

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт иши кызуу жүрүп жатат. Өзгөчө Бишкекте саясий өнөктүк Жогорку Кеңештин шайлоосунан кем калышкан жок. Партиялар добуш топтоо үчүн эч нерседен тартынбай, кабат-кабат убадалар айтылып турган чак.

Талапкерлер борбордун ылай баскан жаңы конуштарын түрө кыдырып, шаардыктарга кат-кат убадаларды беришүүдө. Көпчүлүгүнүн программалары бири-бириникине үндөш. Көбү борбордо экологиялык маселени чечүү, Бишкекти түтүн-ыштан арылтуу, коомдук транспортту жакшыртуу тууралуу маселелерди көтөрүп чыгышты.

Кыргызстан акыркы 7 ай ичинде үчүнчү жолу шайлоо, экинчи ирет референдум өткөргөнү турат. Шайлоо сайын партиялардын үгүт-жарнактары көчөлөрдө билборддорду ээлеп, талапкерлер социалдык тармактардан, радио-телевидениеден түшпөйт. Алардын берген убадаларына шайлоочулардын да кулагы көнүп калгандай.

11-апрелде болчу жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун үгүт иши ушул тапта кызуу жүрүүдө. Парламенттик шайлоодон ашса ашып, бирок, андан кем эмес атаандаштык менен өтүп жаткан Бишкек шаардык кеңешине бараткан партиялар жана талапкерлердин убадалары жөнүндө сөз кылсак.

Шаардык кеңешке талапкерлигин койгондор Бишкектин ылай чулгаган жаңы конуштарын түтүмө-түтүн кыдырып үгүт кылып жүрүшөт. Борбордун жылдап чогулган, тургундардын көкөйүнө көк таштай тийген маселелерди чечүүнү убада кылып, шайлоочулардын көңүлүн алып жатышат.

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев баштап бараткан «Ак Бата» партиясы таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу жоопкерчилигин алууда. Ушул күндөрү Бишкектин сыртындагы таштанды төгүүчү полигондун каңырсыган жыты каңылжаарды тешип, кышы-жайы дебей түтүнү токтобой турат.

Нариман Түлеев кары-картаңдарга өзгөчө камкордук болорун айтып, «алардын пенсиясына ай сайын 1000-1500 сомдон кошумча берилет», деди. Ошондой эле аларга күн сайын бекер нан да таратыларын билдирип жатат. Дарыгерге, мугалимдерге жана турак жай алуу үчүн кезекте тургандарга үй салынарын да айтып жиберди.

Шаардык кеңешке талапкерлердин кулакка жагымдуу убадалары канчалык реалдуу? Саясат талдоочу Шаирбек Маматокторов мындайча жооп берди:

«Кыргыз саясатчылары туш келди убадаларды берип көнүп калышкан. Эң кызыгы - шайлоочулардын да эс тутуму кыска. Шайлоо бүткөндөн кийин берилген убадаларды талап кылгандар аз. Ошондуктан саясатчылар «мен «Айды алып берем» деп убада берип койсом деле кийин эптеп кутулуп кетем» деп көнүп калышты. Кээ бирлери мыйзамга каршы келген убадаларды беришүүдө. Мисалы, «биз «Коопсуз шаар» долбоору боюнча салынган айыптарды амнистия кылабыз» дейт. Муну кантип ишке ашырат? Негизи жол эрежесин бузбаш керек да. Биз «Коопсуз шаар» долбоорун шаар коопсуз болсун, жол эрежеси бузулбасын деп ишке ашырдык да. Айрым партиялар «мисалы, Шаирбек менен Бакыт, биз силерге пандемияда жардам бергенбиз. Эми силер бизди колдошуңар керек» деп соодалашып жатат».

Шаардык кеңешке катышып жаткан партиялар бул жолу Бишкектеги жаңы конуштардагы шайлоочулардын добушу үчүн катуу күрөшүүдө. Дээрлик бардык партиялар борбордон обочо болуп, социалдык маселелери чечилбей турган конуштардын көйгөйлөрүн көтөрүп жатышат.

«Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясы» ар бир конушта спорт жана маданий аянтчаларды куруп, шаардын борбору менен конуштардын ортосундагы социалдык айырмачылыктарды жоё турганын убада кылды. Жана жаңы конуштарга кичи район деген макам берүүнү көздөшөт. Бишкекке кирешенин жок дегенде 15% алып калып, жыл сайын дагы 5%дан кошуп турууну сунуштады. Ошондой эле мэрди шаардыктар өзүлөрү түз шайлашы керек деп эсептейт.

«Эмгек» партиясынын талапкерлери Бишкекке 5000 видеобайкоо орнотуу боюнча планын жарыялашты. Мэриянын алдында экология маселеси боюнча эксперттик топ түзүп, Бишкекти түтүн-ыштан арылтууну убада кылышты. Президенттер сөз кылып, өкмөт баш болуп чече албай келаткан ыш көйгөйүн «Эмгек» партиясы кантип жолго салып жиберет - экологдор да баш катырып жатышат. Бул партия да жаңы конуштардын маселесин көтөрүп, аларды борбордук канализацияга кошуу максатын жарыялады.

Журналист, Бишкек шаарынын тургуну Семетей Талас уулу партиялар шайлоодо оңду-солду берген убадалары ишке ашарына көзү жетпейт.

«Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан талапкерлердин арасында жаңы конуштарга эзели бара электери бар. Алыс-жакын туугандарына кээде эле келип калбаса шаардын борборунда эле жүрүшөт да. Азыр эми ылай кечип аябай көп келип, апаларды кучактай калып сүрөткө түшүп атышат. Мага кызык болгону шаардык кеңеште азыр депутат болуп отургандар кайра шайлоого баратат. Ошолор депутат болуп отурганда жаңы конуштарга эмне иш кылып койгону үчүн азыр барып атышат? Айрым партиялар «пенсионерлерге айына 1500 сомдон беребиз» дейт. Бул ишке ашпаган нерсе да. Дагы бир партия «балдарга мектепке барыш үчүн автобустарды уюштурабыз» дейт. Бул деген кыял да. Шаардын өзүнө автобус алып келе албай жатсак окуучуларга кайдагы өзүнчө автобус? Мамлекет балдардын өзүнө беш сомдон төлөтүп, калганын өз мойнуна алып туруп атайын автобустарды уюштурса болмок да. Ушуну да ишке ашыра алган жок».

Коомдук транспорт демекчи, партиялардын бетине кармаган убадалардын бири ушул. «Республика» партиясы окуучулар үчүн үйдөн мектепке чейин атайын коопсуз автобустарды уюштурууну убада кылды. Партия шаарга 200 000 көчөт отургузуп, Аламүдүн дарыясынын боюна веложол салып, жарыктандыруу иштерин бүтүрөрүн билдиришти.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы Бишкекке бир жылда чет жактан 1 млрд. доллардан кем эмес инвестиция тартып келүү жөнүндө убада берди.

«Реформа» партиясы шаардагы автотыгын маселесин тез жүрүүчү коомдук транспорт менен, ыш маселесин үйлөрдү жылытууда көмүрдөн күн энергиясын колдонууга өтүү менен чечээрин жарыялады.

Акын, жазуучу Олжобай Шакир биринен бир өткөн убадалар жана аларды ишке ашыруу машакаты тууралуу ой бөлуштү.

«Убадалардын турмушка ашарына ишенбейм. Бизде саясий институт катары партиялар калыптанган жок. Аты жыты белгисиз партиялар чыга калып эле керемет убадаларды берсе эл да тили такылдагандарды шайлап жиберет, - дейт Олжобай Шакир. - Бул 30 жылдан бери кайталанып келатат. Чакан, ышталган шаардагы экология маселесин чечүү – бул жалпы элден көз каранды. Саналуу депутаттардан мурун эл айлана-чөйрөгө мамилесин өзгөртүш керек. Саясий сабаттуулукка жетмейинче баягы эле көрүнүш болот. Шайлоодо элдин да койгон талабы туура эмес болуп атат. «Жол салып бер, суу киргизип бер» деп сурайт. Аны мыйзамдуу талап менен ишке ашыруунун жолуна кызыкпайт».

Бишкек шаарынын жылдык бюджети 10 млрд. сомдун тегерегинде. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандатка 25 партиядан 1 820 талапкер ат салышып жатат. Шайлоодон утуп чыккан партиялар 4 жыл иштейт.

Булак: "Азаттык" радиосу

Жаңылыктарга жазылыңыз