Убада
Нарын шаарында сүт заводу курулат
Убаданын мөөнөтү: 26.10.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 11.10.2018
байкоодо

Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди.
Анын айтымында, сүт завод күнүгө 30 тоннадан 150 тоннага чейин сүт өндүрөт.
«Өкмөт башчынын тапшырмасы менен облустун аймагына сүт заводун куруу каралган. Курула турган заводдун күнүмдүк өндүрүмдүүлүгү 150 тонналык болот. Азыркы учурда заводду курууга жер аянтын карадык, буюрса ал дагы 10 күн аралыгында чечилип, заводдун курулушу башталат.
1988-жылдан бери облуста эч кандай завод курулган эмес. Завод курулса облуста жумушсуздук маселеси да чечилет», - деди облус башчысы.

Кайыпов Аманбай Кайыпович

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу экс-өкүлү

Убадалардын саны: 10
10.00%
30.00%
60.00%