Убада
Финансы министрлигинде коррупция гүлдөп жатканын - мекеме жетекчиси моюнга алдыбы? Өткөн аптада парламенттеги фракциялык жыйында, финансы министри Адылбек Касымалиев - 10 пайыздык пара алууну жоюуга убада берди. Коррупциянын алдын алуучу уюмдар дагы, тармакта паракорлукка шарт түзгөн бир катар схемаларды аныктап чыгышкан. Атүгүл, аларды жоюу боюнча конкреттүү сунуштар берилген. Бирок кандайдыр-бир себептер менен ал пландар ишке ашпай келет. Бул ирет министрдин берген убадасы аткарылабы?
Адылбек Касымалиев каржы министри болуп 2018-жылга чейин иштеди. Мекеменин басмасөз-кызматкерлери министрдин берген убадасы боюнча жооп да маалыматты тактап да бере алышкан жок. Жыйынтыгында бул убада "аткарылган жок" статусуна ээ болду.