Убада
Акыркы жылдарда биздин өлкөдө болуп жаткан төңкөрүштөрдүн жана саясий тирешүүлөрдүн себептеринин бири – бул соттордун адилетсиздиги. Соттордун ишине биринчи кезекте бийликтин тең салмактуулугу көз каранды. Ошондуктан 2020-жылдын ноябрында түзүлгөн Конституциялык Кеңешменин башкы максаттарынын бири – сот реформасын жүргүзүү.
Конституциялык өзгөртүүлөр бийликтин жоопкерсиздигин жоюуга негиз болуп берет.
Садыр Жапаров соттордун ишин конституциялык деңгээлде кайрадан карап чыгууну жана үлгүлүү сот системасын түзүүнү колдойт.
“Сотторду реформалоо – ротациялоо гана эмес, алардын иш механизмин жакышртуу. Аны менен бирге сот курамын жаңылоо – бул акырындык менен ишке аша турган процесс”, – деди С.Жапаров.