Убада
Матраимовдун чет өлкөдө мүлкү табылса тергөө иштери улантылат
Убаданын мөөнөтү: 17.02.2021
Аткарылуу мөөнөтү: 17.02.2021
байкоодо
БАШКА МАМОРГАНДАР

Эгерде Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экендиги аныкталса тергөө иштери улантылат.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 15-февралда тараткан пресс-релизде айтылат.

Кытайлык ишкер Айеркен Саймаити тарабынан ар кандай банктар аркылуу Кыргызстандан чыгарылып кетти делген 700 млн. долларга Райымбек Матраимовдун тиешеси бар-жогун тактоо боюнча иштер тергөө тарабынан улантылууда.

Ошол эле маалда айрым маалымат каражаттары Матраимовдун чет өлкөлөрдө кымбат баалуу мүлкү бар экенин "бир нече жолу" жарыялашкан, тергөө кызматы андай мүлктүн бар-жоктугун аныктоо жумуштарын жүргүзүүдө.

"Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Түркияга, Дубай Эмиратына, Украинага жана Орусияга юридикалык жардам көрсөтүү тууралуу эл аралык өтүнүчтөр жөнөтүлдү. Анын мүлкү бар экендиги жөнүндө жоопторду алгандан кийин сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары улантылып, мүлкү камакка алынып, Р.Матраимовдун аракеттерине юридикалык баа берилет", деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 11-февралдагы отурумунда Райымбек Матраимов Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айыппул деп чегерилген.

Убадалардын саны: 29
24.14%
48.28%
27.59%