Убада
Чек арадагы тилкелер жаңжалга чейинки абалында калат
Убаданын мөөнөтү: 03.05.2021
Аткарылуу мөөнөтү: 01.06.2022
байкоодо
БАШКА МАМОРГАНДАР

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалды токтотуу тууралуу тажик тарап менен кол коюлган протокол тууралуу учкай маалымат берди. Ал 2-майда Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, тараптар тынчтык орнотуу чаралары тууралуу макулдашканын билдирди:

"Эки өлкөнүн бардык чек ара тилкелеринде тынчтыкты орнотуу тууралуу макулдаштык. Биз протоколго тынчтыкты орнотуу ыкмалары тууралуу жаздык. Биринчи ыкма - чек ара тилкелеринен оор техникаларды, чек арачыларга тиешелүү эмес курал-жарактарды жана адамдарды алып кетүү. Экинчси - ар бир мамлекет ошол жаңжалга чейин ээлеген жерин гана ээлеп калуу. Кимдир бирөө кайсы бир мамлекеттин аймагына кирип кеткен болсо, ошол жерден адамдардын, аскердик техникаларын чыгаруу тууралуу. Ушул пункттардын аткарылышы боюнча комиссия түзүү тууралуу макулдаштык", -деди Ташиев.

Убадалардын саны: 29
24.14%
48.28%
27.59%