Бишкектин жаңыдан шайланган мэри Айбек Жунушалиев шаардагы ыш көйгөйүн кантип чечерин айтты.
Ал белгилегендей, маселени бир күндө же бир сезондо чечүү мүмкүн эмес, бирок ошентсе да аракет кылып, бир катар процесстерди ишке киргизүү ниети бар.
"Биринчи кезекте газдаштыруу, өнөр жай ишканаларын Бишкектин сыртына чыгаруу зарылдыгы турат. Ошондой эле шаардык таштандыдагы түтүндү жок кылуу үчүн таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу керек", — деди мэр.