Убада
Камбар-Ата-1 ГЭСин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда.
Убаданын мөөнөтү: 08.06.2022
Аткарылуу мөөнөтү: 08.06.2025
байкоодо
ӨКМӨТ

“Камбар-Ата-1” гидроэлектростанциясы долбоорунун алкагында 2024-жылга чейин инфраструктура иштери жүрөт. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда.

Бул тууралуу 8-июнда энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, инфраструктура иштери үчүн 20 млн. доллар бөлүндү.

Министрдин маалыматына ылайык, “Камбар-Ата-1” ГЭС долбоорунун 2014-жылдагы техникалык-экономикалык негиздемесинде долбоорго 2 млрд. 900 млн. доллар кетет деп эсептелген. Азыр аны базар баасына ылайык келтирүү иши жүрүп жатат.

8-июнда Жалал-Абад облусунда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык көрүүгө президент Садыр Жапаров старт берип, гидротоннель түшчү жерде жардыруу болду.

Толук: https://www.azattyk.org/a/31888417.html

Бекмурзаев Доскул

КР энергетика министри

Убадалардын саны: 1
0.00%
100.00%
0.00%