Убада
3-4 жылда бюджетибиз триллион сомго жетиши керек
Убаданын мөөнөтү: 07.09.2022
Аткарылуу мөөнөтү: 08.09.2026
байкоодо
БАШКА МАМОРГАНДАР

Жакынкы 3-4 жылда Кыргызстандын бюджети триллион сомго жетиши керек. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү телеканалдардын бирине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2 жыл мурда азыркы бийлик өлкөнү жетектеп баштаганда бюджет 180 млрд сомдун тегерегинде болгон.

«Кийинки жылы 300 миллиардга чыкты. Быйылкы жылы 400 миллиарддан ашабыз деп жатабыз. Келерки жылы 500-600 миллиардга чыгабыз. Президент коюп жаткан талап боюнча, жакынкы 3-4 жылдын ичинде биздин бюджет триллионго чыгыш керек. Ал мындан эки жыл мурдагы бюджеттен 5 эсе көп болот дегенди билдирет», — деди ал.

Убадалардын саны: 29
24.14%
48.28%
27.59%