Убада
14-сентябрдагы (ред-2022-ж.) чек арадагы чырдын негизги өзгөчөлүгү, булардын жарандар жашаган аймакка кол салгандыгы болду. Мындан кийин да ушундай кадамдарын улантышса, биз сөзсүз түрдө адекваттуу чараларды колдонобуз
Убаданын мөөнөтү: 15.09.2022
Аткарылуу мөөнөтү: 15.09.2023
байкоодо
МАМКОМПАНИЯЛАР

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абал боюнча журналистерге маалымат берди.

Анын айтымында, учурда чек арадагы абал тынч. Бирок ошол эле учурда чыңалуу бар.

«Чыңалуу бүгүнкү күндө көп деп айтсам да болот. Кечээ негизинен беш жерден биздин чек арага чабуул коюлду. Анын төртөө аскердик имараттарга болсо, бирөөсү жарандык объект болгон. Андан «Самаркандек» жерлигинде 10 жарандын имараты жабыркаган жана төрт жаран ар түрдүү жаракат алган. Кечээки чек арадагы чырдын негизги өзгөчөлүгү, булардын жарандар жашаган аймакка кол салгандыгы болуп жатат. Бул өтө кооптуу жана мыйзамсыз аракет. Мындан кийин да ушундай кадамдарын улантышса, биз сөзсүз түрдө адекваттуу чараларды колдонобуз. Ошол эле учурда биздин эки аскер кызматкерибиз да жаракат алышты» , — деди ал.

Толук: https://maralfm.kg/archives/599301

Убадалардын саны: 28
25.00%
46.43%
28.57%