Убада
Өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов 12-февраль күнү Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясында коомдук кабыл алуу иш-чарасын жүргүзүп жатып, эл тарабынан айтылган айрым көйгөйлөргө жооп берди жана айрымдарын бир ай убакыттын аралыгында чечип берерин убадалады.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынан «Баракелденин» аймактык кабарчысына билдиргендей, коомдук кабыл алууда саламаттык сактоо тармагындагы бир катар орчундуу маселелерге токтолуп, өкмөттүн өкүлү бир айга жетпеген убакыт аралыгында Ак-Талаа райондук ооруканасынын тез-жардам кызматынан 1 унаа жана өзү убада берип кеткен суу сордургуч насосун жөнөтөөрүн билдирди Андан тышкары, коомдук кабыл алуу иш-чарасында облус жетекчисине көптөгөн көйгөйлөр айтылды.
Тез жардам унаасы бөлүнүп берилди
31 марта 2014 жыл.
«Үстүбүздөгү жылдын 4 мартында Ак-Талаа районунун ооруканасына 1 даана тез жардам унаасы бөлүнүп берилди», -деп билдирди «Политмерге» Нарын облусттук администрациясынын пресс- катчысы Бапан Белеков.