Убада
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов Кара-Кужур өрөөнүндөгү Туура-Суу айылынын окуучуларына транспорт үчүн өнүктүрүү фонддон 150 миң сом бөлүп берди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Атайын мектеп окуучуларына унаа (бусик) алуу үчүн ата-энелер 100 миң сом өлчөмүндөгү каражат чогултуп, калган 150 миң сомду облус жетекчиси А.Кайыповтон жардам катары сураган.
Маалымат үчүн айта кетсек, 30га чукул түтүн жашаган Кара-Кужур өрөөнүндөгү Туура-Суу айылынан жана башка жеке конуштардан Улахол айылындагы орто мектепке баш аягы 5-10 чакырым аралыктан 27 мектеп окуучулары жөө келип окуп жүрүшкөн.
Автобустар былтыр ишке киргизилди
Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов Politmer.kg сайтына автобустар былтыр ишке киргизилди деп билдирди.