Убада
Кайыпов каналды казып өтө турган жеке менчик короонун ээлери менен сүйлөштү
Убаданын мөөнөтү: 26.05.2014
Аткарылуу мөөнөтү: 18.06.2015
аткарылды

Айылдын тургундары каналды Нарын-Баетов жолу менен түз Нарын дарыясына чейин салдырууну сунушташууда. Ал эми ӨКМдин кызматкерлери айылды айлантып казып кетүү ыңгайлуу экенин айтышып, бирок кандай болбосун каналды казууда жеке менчик короолордон казып өтүүгө туура келгендиктен, жер ээлеринен уруксат алууда маселе жараларын белгилешти.

Облус башчысы А.Кайыпов каналды казып өтө турган жеке менчик короонун ээлери менен сүйлөшүп, уруксат алуу боюнча Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтү Жетиген Мокеевге тапшырма берип, бул көйгөйдү келе жаткан жылы чечип берүүгө сөз берди.

«Быйыл чыдап тургула. Эмки жылы бюджеттин долбооруна кийирип каналды кастырталык», – деди А.Кайыпов.

Жыйынтык

Канал ишке киргизилди

Politmer.kg сайтына Нарын облусунун башчысы билдиргендей, канал ишке киргизилди.

Кайыпов Аманбай Кайыпович

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу экс-өкүлү

Убадалардын саны: 10
10.00%
30.00%
60.00%