Убада
Өкмөттүн Нарын облусу боюнча жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов иш сапары менен 10-11-декабрь күндөрү Жумгал районуна келет, анын алкагында жергиликтүү активисттер жана элдер менен жолугат. Бул тууралуу кечээ, 6-декабрь күнү Нарын облусунун өкүлчүлүгүндө район башчылары менен болуп өткөн чакан жыйында белгилүү болду, деп кабарлады «Баракелденин» аймактык кабарчысы.
Өкмөттүн өкүлү А.Кайыпов эл менен болгон жолугушуусунан соң аймактагы Кара-Кече көмүр кенинде болот. Анын айтканына караганда, алгачкы иштерин Кара-Кече көмүр кениндеги көйгөйлөрдү чечүүдөн баштайт.
Кара-Кече толук кандуу мыйзамдын негизинде иштеп жатат
Кара-Кече толук кандуу мыйзамдын негизинде иштеп жатат. Карьерден 5-6 км узакка карай текшерүүчү пункт жайгаштырылды. Ал үчүн жергиликтүү администрация тарабынан 40 тонналык контейнерлер түшүрүлдү.