Убада
Мамлекеттик аппаратты кыскартуу, орто жана кичи бизнестин өнүгүүсүнө 5 млрд сом жумшоо
Убаданын мөөнөтү: 18.05.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2037
аткарылган жок
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ Бир Бол 6-чакырылыш

2015-жылдын 29-сентябрында Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылындагы жергиликтүү тургундар "Бир Бол" партиясынын мүчөлөрү менен жолугушту. Депутаттыкка талапкер Игорь Чудинов мамлекеттик аппаратты кыскартуудан үнөмдөлгөн 5 млрд сом каражатты кичи жана орто бизнеске жумшары тууралуу сөз кылды.

Жыйынтык

2015 жылдан бери депутат Игорь Чудинов же "Бир Бол" фракциясынын демилгеси менен КР мамаппараты кыскартылган эмес

2015 жылдан бери депутат Игорь Чудинов же "Бир Бол" фракциясынын демилгеси менен КР мамаппараты кыскартылган эмес.

Мамлекеттик аппарат кыскартылса дагы, ал өкмөт башчы же башка адамдардын демилгеси менен жургүзүлгөн.

Акыркы жолу, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин колу коюлган токтомго ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин саны 2018-жылдан кийин 10 пайызга кыскартылат. Бул 1 500 адамды түзөт.


Чудинов Игорь Витальевич

депутат, Бир Бол" от фракциясы; 0312 63-91-32

Убадалардын саны: 5
100.00%
0.00%
0.00%