Убада
Афганистандын Памиринен келе турган кыргыздар Нарынга жайгаштырылат
Убаданын мөөнөтү: 14.03.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 16.05.2017
аткарылды

Облус башчынын айтымында, алар жашай турган турак-жайдын ижара акысын өкмөт төлөп берет.

Апрель-май айларында Кыргызстанга алып келине турган памирлик боордошторубуз Нарын облусунун беш районуна жайгаштырылмай болду. Учурда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бул багытта иштер башталды. Мындай маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди. Бул маселе өкмөттөн сунушталып, Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев өкмөт өкүлү Кайыпов менен талкуулаган. Памир кыргыздарын чек арага жакын тоолуу аймактарга жайгаштыруу керек “Алардын климаттык шарты биздин Нарынга ылайыктуу экен. Беш район (Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын, Кочкор, Жумгал — ред.) экиден үй-бүлө алат да, акимдер, айыл өкмөттөр, жергиликтүү эл менен сүйлөшүп, кайсы айылга жайгаштырууну өздөрү ылайыкташтырат”,— деди Кайыпов.

_____________________________________________________________________

Памирлик кыргыздар Кыргызстанга алынып келген жок. Анткени, Афганистанда алардын документтерин жасоо иши кечиктирилип жатат.

Жыйынтык

Тарыхый окуя! - памирлик кыргыздардын кайтып келиши

Нарын облусуна памирлик кыргыздар кайтып келишти. Бардыгы болуп 33 адамдан турган 6 үй-бүлө. Өкмөттүн билдирүүсүнө караганда аларга тиешелүү социалдык колдоо көрсөтүлөт.

Кайыпов Аманбай Кайыпович

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу экс-өкүлү

Убадалардын саны: 10
10.00%
30.00%
60.00%