Ата-Мекен партиясы өздүк баракчасына “Мыйзамдагы ууруларды” жана өзүн “авторитетмин” деп жарыялагандарды темир тор аркасына камоого партиянын күчү жетээрин өзүнүн программасында билдирген.
“Мамлекет коррупцияга батып баратат. Саясат баш болуп кылмыштуулук дүйнөсүнө чырмалышып калгандай. Кылмыштуулуктун баардык түрлөрү коомубуздун, элдин негизги коркунучуна айланды. Биз уюшулган кылмыштуулукка бөгөт коюп, өнүккөн мамлекетте жашайбыз. Өлкөбүздү кылмышкерлердин үстөмдүгүнөн тазалайбыз. “Мыйзамдагы ууруларды” жана өзүн “авторитетмин” деп жарыялагандарды темир тор аркасына камоого партиянын күчү жетет. Кылмыштуулук менен алектенип жүргөндөр өзүнүн оюнан кайтып, жакшы жашоого умтулбаса, анда, чемоданын чогултуп кете берсе болот. Кыргызстан бандиттердин өлкөсүнө айланбашы керек. Биздин өлкөдө бир гана авторитет болот ал-мыйзам.