Обещание
В Бишкеке появятся автобусы на газе
Когда дано обещание: 26.05.2021
Срок завершения: 01.06.2022
В процессе
МУНИЦИПАЛЬНОЕ УПРАВЛЕНИЕ

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгүнүн жана “GAZ Group” автомобиль холдингинин өкүлдөрү менен жолугушту.  Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта,  Бишкек шаарына газ менен жүрүүчү автобустарды жеткирүү, ошондой эле Россия Федерациясынын каржы түзүмдөрүнөн каржылоону тартуу маселелерин талкуулашты.

“Бактыбек Кудайбергенов иш сапар үчүн катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, муниципалитеттин кызматташуунун мүмкүн болгон жолдорун карап чыгууга жана Соода өкүлчүлүгүнүн сунушун колдоого даярдыгын билдирди”, – деп билдирди басма сөз кызматы.

Мэрия кошумчалагандай, түтүнгө каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек шаарына газ менен иштеген 350 автобус алынып келинет, буга чейин муниципалитет менен Эко жүргүнчүлөрдү ташуу компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлгөн.

Кудайбергенов Бактыбек

И.о. мэра города Бишкек

Обещаний: 2
0.00%
100.00%
0.00%