Обещание
Государство окажет помощь семьям погибших военнослужащих
Когда дано обещание: 19.09.2022
Срок завершения: 19.09.2023
В процессе
ПРЕЗИДЕНТ

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышка байланыштуу аза күтүү күнүндө билдирүү жасады. Анда мекен чегинде мерт болгон жоокерлерди баатыр деп атап, алардын эрдигин эл унутпасын айтты жана ата-энелерине таазим кылды.

Мекен чегин коргоо – ары жооптуу, ары сыймыктуу ыйык милдет. Ошентсе да, эр жигиттерибиз эл-жеринин чегин коргоп жатып, кандары забын болгонуна ар бирибиздин жүрөгүбүз сыздап турат. Ушундай азамат уулдарыбыз турганда биздин чепти эч ким буза албайт. Алардын артында калган үй-бүлөсүнүн, балдарынын жоопкерчилигин алабыз.Баткен чек арасындагы кандуу кагылышууну укканда, чыдамы кеткен ар бир атуулубуз баскынчылардын мындай жоругуна кайдыгер эмес экенин билдирип чыгышты. Республиканын бүткүл аймагынан мекендештерибиз жеке демилгелери менен ар кандай жардамдарды уюштуруп, Баткенге жөнөтүшүүдө. Элибиздин мындай урагыс биримдигине таазим кылам!"-,деди Жапаров. 

Толук: https://www.azattyk.org/a/32040577.html

Обещаний: 96
6.25%
80.21%
13.54%